Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 27-февралы № 73-т
2023-жылдын 6-мартынан тартып 8-мартына чейинки мезгилде Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында өтүүчү Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын кезектеги 3-жыйналышынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 5-мартынан тартып 9-мартына чейин Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарына иш сапарга жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле ишкер чөйрөнүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте ишке катышууга тартууга укук берилсин.
4. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-жылдын 6-мартынан тартып 8-мартына чейинки мезгилде Кувейт Мамлекетинин Эль-Кувейт шаарында өтүүчү Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт комиссиясынын кезектеги 3-жыйналышынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри, Комиссиянын төрагасы, делегациянын башчысы; |
Карагулов Азамат Омарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Алишеров Нурдин Куванычбекович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орун басары; |
Эсенгул уулу Чынгыз | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары; |
Жээналиев Жалын Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары; |
Монолов Мирбек Кытайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Жусупбеков Исламбек Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Каптагаев Кубаныч Эмилбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Акжолов Нурбек Акжолович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Макеева Асель Чынарбековна | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы; |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |