Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 28-февралы № 105
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Ташиев тарабынан демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 тескемеси менен жактырылган |
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Ташиев тарабынан демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы менен "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 3-статьясынын 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толуктоо сунушталууда:
"- 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрына чейинки мезгилде чет өлкөлүк террористтик топтор кирген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун айынан майып болуп калган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар.".
Жогоруда аталган аскер кызматчыларын согуштун майыптары деп аныктоо Мыйзамдын 3-статьясынын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы менен регламенттелген, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун а) пунктчасы баяндалганды эске алуу менен кайра кароону талап кылат.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун б) пунктчасы менен Мыйзамдын 3-статьясынын 4-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толуктоо сунушталууда:
"- 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрына чейинки мезгилде чет өлкөлүк террористтик топтор басып кирген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуш аракеттерине катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар.".
Бирок Мыйзамдын 3-статьясынын 4-бөлүгү менен башка мамлекеттердин аймактарындагы согуш аракеттерине катышкан согуш ардагерлеринин тизмеси аныкталган. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун б) пунктчасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын (мындан ары - мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама) ченемдерине ылайык келтирүү сунушталат.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен Мыйзамдын 17-беренесинин I бөлүмүнүн биринчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталууда:
"Башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, анын ичинде аскер адистери жана аскер кеңешчилери, Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуш аракеттерине катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар - 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланат.".
Мыйзамдын 17-статьясында башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларына социалдык гарантиялар аныкталган, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту кайра кароону талап кылат.
4. Салыштырма таблицанын расмий тилде таризделген аталышын Мыйзамдын долбоорунун аталышына ылайык келтирүү сунушталат. Салыштырма таблицадагы абзацтарды баяндоо тартиби Мыйзамдын долбоорунда баяндалган тартипке ылайык келбейт.
5. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
Негиздеме-маалымкатта Мыйзамдын долбоорун ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу датасын көрсөтүү сунушталат.
Демилгечинин негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык Мыйзамдын долбоорунун максаты 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрына чейинки мезгилде чет өлкөлүк террористтик топтор басып кирген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуш аракеттерине катышкан Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын социалдык укуктарын коргоо болуп саналат.
Ошентип мыйзамдын долбоорунун концепциясы менен 1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрына чейинки мезгилде чет өлкөлүк террористтик топтор басып кирген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуш аракеттерине катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын жана майыптарды, ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдарды согуштун ардагерлеринин статусуна теңдештирүүнү жана жогоруда аталган адамдарга кошумча социалдык-укуктук гарантияларды жана компенсацияларды белгилөөнү караган колдонуудагы Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
1999-жылдын 1-июнунан тартып 2000-жылдын ноябрына чейинки мезгилде чет өлкөлүк террористтик топтор басып кирген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында өкмөттүк күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда согуш аракеттерине катышкан жогоруда аталган адамдардын саны алдын ала маалыматтар боюнча 6964 түзөт (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин - 5725, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин - 923, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин - 43, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалыматтары боюнча - 273).
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдын ала баалоолору боюнча сунушталган Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу жылына 600 миллион сомдон ашык талап кылат.
"Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чыгаша бөлүгү Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды карабайт. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууну каржылоо булагын аныктоо зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.