Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 27-февралы № 75-т
Экономикалык, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын "РОСЭКСИМБАНК" акционердик коомунун алдында 10 жылдык төлөө мөөнөтү менен 3,8 млрд. рубль суммасында кепилдик берүүчүсү болуп чыксын;
- "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы жана "РОСЭКСИМБАНК" акционердик коому менен үч тараптуу кепилдик келишимин түзсүн.
2. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды так максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |