Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 3-марты № 87-т
Атаандаштык чөйрө шартында исламдык экономика жана финансы кызматтарын жана продукциясын алууда өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун жана калкынын керектөөлөрүн канааттандырган исламдык экономика жана финансы секторлорунун туруктуу жана натыйжалуу иштешине жетишүү аркылуу тездетилген өсүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ушул тескеменин тиркемесине ылайык 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясы бекитилсин.
2. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |