Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 596-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2023-жылдын 3-марты № 92-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине квартал сайын маалымдап турсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 596-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Индикатор/ күтүлгөн жыйынтык | Жооптуулар | Ишке ашырууга каражат (сумма)/ каржылоо булагы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1. Чакан авиацияны өнүктүрүү | ||||||
1 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 596-т тескемесине ылайык күчүн жоготту) | |||||
2. Учуу географиясын кеңейтүү | ||||||
2 | Эл аралык авиаташууларды өнүктүрүү | 2.1. Туризм үчүн потенциалдуу чет өлкөлөрдүн ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу жана көбөйтүү | Туруктуу негизде | Аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуулар түзүлдү. Эл аралык каттамдардын саны көбөйдү жана жаңы каттамдар ачылды | ЖАМА | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында |
2.2. Жаңы эл аралык аба линияларын ачуу үчүн авиакомпанияларды тартуу | Туруктуу негизде | Кыргыз Республикасынын аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн агымы жана аба транспорту менен жүк ташуулардын саны көбөйдү | ЖАМА, "МЭА" ААК | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
3. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||||
3 | Аэропорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү жана ички авиакаттамдарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 3.1. "МЭА" ААК аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу | 2023-жылдын II кварталы | "МЭА" ААК аэропортторун модернизациялоо боюнча тиешелүү макулдашууларга кол коюлду | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар |
3.2. "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда жүк терминалдарын куруу | 2025-жылдын IV кварталы | Жүк рейстеринин саны жана жүк терминалдарынын ишинен түшкөн пайда көбөйдү | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
3.3. "Баткен" аэропортунун аэродромуна перронду кеңейтүү жана жарык белги берүүчү жабдууларды орнотуу менен капиталдык оңдоо жүргүзүү | 2025-жылдын IV кварталы | Өлкө ичинде жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү үчүн шарттар түзүлдү | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
3.4. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жаңы АВК куруу | 2026-жылдын IV кварталы | Тейленүүчү рейстердин жана жүргүнчүлөрдүн саны көбөйдү, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
3.5. Аэродромдун элементтерин реконструкциялоо жана "Каракол" аэропортунда АВКнын жаңы имаратын куруу | 2023-жылдын IV кварталы | Тейленүүчү рейстердин жана жүргүнчүлөрдүн саны көбөйдү, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
3.6. "Нарын" аэропортунда АВКнын жаңы имаратын куруу | 2024-жылдын IV кварталы | Тейленүүчү рейстердин жана жүргүнчүлөрдүн саны көбөйдү, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү | "МЭА" ААК ММБФ, ЖАМА (макулдашуу боюнча) | "МЭА" ААК каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
4. Аэронавигациялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||||
4 | Аэронавигациялык иштин потенциалын жогорулатуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу | 4.1. Аэронавигациялык жабдууларды, аба кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын, учууларды камсыз кылуу жабдууларын жана системаларын модернизациялоо | 2024-жылдын I кварталы | Эл аралык стандарттарга ылайык келген аба кыймылын башкаруунун заманбап автоматташтырылган системалары киргизилди | ЖАМА | "КАН" МИнин каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар |
4.2. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде мүнөздөмөлөргө (PBN) негизделген навигацияны пайдалануу үчүн инфраструктураны түзүү | 2025-жылдын I кварталы | Аба жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулады. ИКАОнун глобалдык аэронавигация планына жана аба кемелеринин эксплуатанттарынын муктаждыктарына ылайык мүнөздөмөлөргө негизделген навигация колдонулат | ЖАМА | "КАН" МИнин жеке каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
4.3. Келечектүү жер жана спутник каражаттарына жана байланыш, навигация, байкоо системаларына өтүү. Жергиликтүү аэродромдорду жердеги локалдуу контролдоочу-түзөтүүчү станциялар жана аба кемелеринин тиешелүү жабдуулары менен жабдуу | 2026-жылдын I кварталы | Навигация ыкмасын колдонуу менен жергиликтүү аэродромдорго кондурууга жүргүзүү схемалары киргизилди. Бул аэродромдорго учууда аба ырайынын шарттарына карабастан учуулардын үзгүлтүксүздүгү көбөйтүлдү жана учуулардын коопсуздугу жогорулатылды | ЖАМА | "КАН" МИнин жеке каражаттары, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
4.4. Чектеш мамлекеттер менен аба кыймылын тейлөө каттамдарын оптималдаштыруу | 2025-жылдын I кварталы | Чектеш мамлекеттер менен аба мейкиндигинин үзгүлтүксүздүгү камсыз кылынды (белгиленген аба коридорлорунда аба кемелери менен мамлекеттик чек араны кесип өтүү практикасынан баш тартуу) | ЖАМА | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
5. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын мамлекеттик башкаруусун өркүндөтүү | ||||||
5 | Жарандык авиация органынын мамлекеттик башкаруусун өркүндөтүү | 5.1. Жарандык авиация субъекттерин жөнгө салуу, сертификаттоо жана көзөмөлдөө боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн инспектордук персоналды көбөйтүү | 2023-жылдын II кварталы | Жарандык авиация субъекттерин жөнгө салуу, сертификаттоо жана көзөмөлдөө боюнча учурдагы иштердин көлөмүн аткаруу үчүн инспектордук персонал көбөйтүлдү | ЖАМА | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында, бюджеттен тышкары каражаттар |
5.2. Жарандык авиация органынын инспектордук курамын жана персоналын техникалык жана нускамалык материалдар менен материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу | 2023-жылдын IV кварталы | Инспектордук курамдын компетенциясынын деңгээли жогорулатылды. ИКАО тарабынан коюлган талаптарга ылайык материалдык-техникалык жабдуулар жакшыртылды | ЖАМА | Бюджеттен тышкары каражаттар | ||
5.3. Жарандык авиацияны өнүктүрүү фондун түзүү боюнча ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-жылдын IV кварталы | Жарандык авиацияны өнүктүрүү фонду түзүлдү | ЖАМА, ФМ, ЭКМ | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
5.4. "Эл аралык аба аркылуу ташуулардын айрым эрежелерин унификациялоо үчүн Конвенцияга (Монреаль, 28-май, 1999-жыл) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2023-жылдын I кварталы | Эл аралык авиалинияларда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана багажды эл аралык аба аркылуу ташуунун эрежелери унификацияланды | ЖАМА, ТИМ | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
5.5. Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу | Туруктуу негизде | Учуулардын коопсуздугу боюнча мамлекеттик программа бекитилди | ЖАМА | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
5.6. Учуулардын коопсуздугу боюнча Европалык бюро жана ИКАО менен биргеликте Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча жол картаны иштеп чыгуу | 2023-жылдын I кварталы | Иштелип чыккан жол картанын алкагында Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлдү | ЖАМА | Мамлекеттик органды каржылоонун алкагында | ||
6. Авиациялык тармакта квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ишин өркүндөтүү | ||||||
6 | Авиациялык персоналдын тиешелүү компетенцияга ээ болушу боюнча шарттарды түзүү | 6.1. "Эки дипломдуу билим берүү" программалары боюнча биргелешкен билим берүү иши үчүн, анын ичинде аралыктан окутууну колдонуу менен чет өлкөлүк алдынкы университеттер жана жогорку мектептер менен кызматташтыкты өнүктүрүү | 2026-жылдын IV кварталы | Өнөктөш университеттер менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү келечектерин эске алуу менен биргелешкен билим берүү программалары ишке ашырылды | ЖАМА | Бюджеттен тышкары каражаттар |
6.2. Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарына жана ИКАОнун стандарттарына ылайык заманбап билим берүү программаларын түзүү | 2026-жылдын IV кварталы | Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарына жана ИКАОнун стандарттарына ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруучу жаңы окуу-методикалык комплекстер түзүлдү | ЖАМА | Бюджеттен тышкары каражаттар | ||
6.3. КАИнин базасында жарандык авиация тармагында инновациялык технологиялардын илимий борборун түзүү | 2026-жылдын IV кварталы | Жарандык авиация жаатында инновациялык технологиялар илимий борбору иштейт | ЖАМА | Бюджеттен тышкары каражаттар | ||
6.4. КАИнин иштеп жаткан окуу объекттерин капиталдык оңдоо | 2024-жылдын IV кварталы | КАИ студенттеринин заманбап жана ыңгайлуу аудиторияларда жана имараттарда билим алуусу үчүн шарттар түзүлдү | ЖАМА | Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн гранттык каражаттар (долбоор ишке ашыруу стадиясында) | ||
6.5. КАИ аймагында жаңы окуу-лабораториялык корпустун курулушу | 2026-жылдын IV кварталы | Билим берүү жаатында заманбап тенденциялардын стандарттарына жана талаптарына жооп берген заманбап студенттик кампус курулду | ЖАМА | Республикалык бюджет, бюджеттен тышкары каражаттар | ||
Колдонулган кыскартуулардын тизмеси:
АВК | аэровокзалдык комплекс |
ЖАМА | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги |
"КАН" МИ | "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы |
ИКАО | Эл аралык жарандык авиация уюму |
КАИ | И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту |
ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
АЧМ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
КМ | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ММБФ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
"МЭА" ААК | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому |
"Кыргызиндустрия" ААК | "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коому |
(PBN) | Зоналык навигация |