Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-марты ПТ № 42
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономикасынын айрым тармактарындагы товарларды улуттук режимден алып салууну белгилесин.
2. Уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, акционердик коомдорго товарларды артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |