Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 10-февралы № 49-т
"Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына мамлекеттин менчигинде турган, күтүү жана эксплуатациялоо "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан убактылуу жүргүзүлүп жаткан Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын, Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселоктун отканаларын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын отканасын белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык баланска кабыл алсын;
- кабыл алынган мүлктү андан ары күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылсын;
- кабыл алынган мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2023-жылга жана кийинки мезгилдерге республикалык бюджетти түзүүдө ушул тескемеден келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.
4. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна ушул тескемени ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |