Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-февралы № 77-т
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы № 25 "Электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүү жөнүндө" тескемесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен бирдикте 2023-жылдын 1-июнуна чейин Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосунда өз ара соода жүргүзүүдө темир жол жана (же) автомобиль транспорту менен товарларды ташууда электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул экспериментти жүргүзүүнүн алкагында Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын профилдик министрликтери жана ведомстволору менен өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтөт;
2) навигациялык пломбаларды салуу (алып салуу) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясы (Товарларды ташууга байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору) менен бирдикте жүзөгө ашырылат;
3) экспериментке катышкан субъекттер үчүн мындай ташууларда пайдаланылуучу транспорт каражаттарынын, темир жол вагондорунун жүк жүктөлүүчү жайларына (бөлүктөрүнө) навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө навигациялык пломбаларды туруктуу негизде колдонуу механизмин андан ары киргизүү үчүн иштеп чыгууну талап кылган көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктоо максатында эксперименттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Евразия экономикалык комиссиясына берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |