Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-марты № 107-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар чарбалык субъект болуп саналган "Кыргызкенчи" жоопкерчилиги чектелген коомуна тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Чүй облусунун Москва районунда жайгашкан Бультеке чополуу сланец кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13418175 | 4714575 |
2 | 13418605 | 4714505 |
3 | 13418670 | 4714075 |
4 | 13418380 | 4714070 |
5 | 13418185 | 4714220 |
6 | 13418095 | 4714470 |
Аянты 21,2 га | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы N 325-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ