Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 22-февралы № 71-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы, "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору);
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору ("Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо" долбоору).
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |