Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-марты № 119-т
Түркия Республикасынын аймагындагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын топтоо үчүн "Айыл Банк" ачык акционердик коомунда мультивалюталык эсеп (сом, россия рубли, АКШ доллары, евро) ачсын;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин катына ылайык максаттуу багытын жана алуучунун реквизиттерин көрсөтүү менен акча каражаттарын түркия тарапка которсун.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |