Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 137т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы 2022-жылдын 5-июлундагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы менен "Тянь-Шань Форель" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сарылдык уулу Илгиздин ортосунда 49 жылдык мөөнөткө түзүлгөн суу фондунун жерлеринен жер участогуна ижара келишимин бузуу жөнүндө маселени карасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |