Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 131-т
Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн соңку жер титирөөлөрдү, ошондой эле натыйжада Кыргыз Республикасынын аймагында коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсү мүмкүн болгон, бул өз кезегинде олуттуу кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келүүчү дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылыштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган кайгылуу окуяларды болтурбоо жана мамлекеттик органдарды мүмкүн болуучу жер титирөөлөргө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындагы бийик курулуш объекттеринин жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча талаптарга шайкештигин текшерсин жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке коомдук башталышта тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн жана тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде каралсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Маматалиев Марлен Абдырахманович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кенжетаев Камчыбек Исмаилович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору, ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Жакышов Русланбек Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ишеним" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Алиев Медербек Кубанычевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, "Ишеним" фракциясы (макулдашуу боюнча); |
Молдажиев Казыбек Кияскарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн эксперти; |
Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Иманакун уулу Талант | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору; |
Бегалиев Улугбек Турдалиевич | - | Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Карагозуев Сейитбек Женишбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуштагы сертификаттоо республикалык борборунун директору; |
Камчыбеков Мураталы Молдокматович | - | "Инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу" лабораториясынын башчысы; |
Бейшенбаев Мурат Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдобаев Аскарбек Молдобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куруучулар Союзунун төрагасы макулдашуу боюнча); |
Саяков Адис | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары; |
Карагулов Салмоор | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги. |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 131-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Түркия Республикасынын аймагында болуп өткөн соңку жер титирөөлөрдү, ошондой эле натыйжада Кыргыз Республикасынын аймагында коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын активдешүүсү мүмкүн болгон, бул өз кезегинде олуттуу кыйроолорго жана адам курмандыктарына алып келүүчү дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылыштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган кайгылуу окуяларды болтурбоо жана мамлекеттик органдарды мүмкүн болуучу жер титирөөлөргө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2024-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындагы бийик курулуш объекттеринин жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча талаптарга шайкештигин текшерсин жана анын жыйынтыгы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке коомдук башталышта тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн жана тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде каралсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Азыркы турган жана курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 123-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы;
Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун инженердик сейсмология жана сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораториясынын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары;
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрткө каршы көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
жекече (макулдашуу боюнча):
Жакышов Русланбек Шергазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Алиев Медербек Кубанычевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Бегалиев Улугбек Турдалиевич | - | Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору. |
Эскертүү: кызмат орду боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына киргизилген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аныкталат. Тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.