Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-марты № 120-т
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү жөнөкөйлөтүү, калкка мамлекеттик каттоо кызматтарын көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
1) 2023-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын Свердлов районунун, Чүй облусунун Аламүдүн районунун, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын, Ош шаарынын, Баткен облусунун Баткен шаарынын, Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын алдындагы калкты тейлөө борборлорунун (мындан ары - КТБ) кызматкерлери тарабынан төмөнкүдөй функцияларды аткаруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзсүн:
- туулгандыгын, никеге тургандыгын, никенин бузулгандыгын, ФАА өзгөрткөндүгүн, каза болгонун мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу, ошондой эле аталган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү/кайрадан күбөлүктөрдү берүү;
- жарандык абалдын актыларын жазууда оңдоолорду киргизүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу;
- жарандык абалдын актыларынан маалымкаттарды, билдирүүлөрдү, көчүрмөлөрдү берүү;
- никелешүүгө укуктук жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымкаттарды берүү;
- жарандык маселелер боюнча документтерди кабыл алуу;
- туруктуу жана убактылуу жашап турууга уруксаттарды тариздөө үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымкаттарды берүү жана документтерди кабыл алуу;
- чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу каттоо жөнүндө талондорду берүү жана документтерди кабыл алуу;
- идентификациялык жеке номерди ыйгаруу/өзгөртүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу жана аларды ыйгаруу/өзгөртүү жөнүндө маалымкаттарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын чек ара зонасына барууга уруксаттарды берүү;
2) пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн алкагында:
- эки жумалык мөөнөттө ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында жогоруда көрсөтүлгөн КТБ кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кадамдык регламентин бекитсин;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү менен байланышкан тиешелүү уюштуруучулук-техникалык чараларды көрсүн;
- пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасында тышкы миграцияларды эсепке алуунун бирдиктүү системасынын "Чет өлкөлүк жарандарды каттоо" модулуна жогоруда көрсөтүлгөн КТБ кызматкерлерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан маселелерди чечсин;
3) пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кызматтарды КТБ кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында туруктуу негизде көрсөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин.
2. Пилоттук долбоорду жүргүзүүнүн алкагындагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен каржыланат деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |