Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары каралган.
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттеринен, функцияларынан жана ыйгарым укуктарынан тышкары, ар бир түзүмдүк бөлүмдүн өзгөчө компетенциясына кирген өзгөчө милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жобосу менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын, Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун иши Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) өзүнчө чечими менен регламенттелет.
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттери жана функциялары
3. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары - мамлекеттик органдар) ишин координациялоо;
3) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдар (анын ичинде атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар жана ар кандай коомдук уюмдар жана мекемелер менен Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча талаптагыдай өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) түзүмдүк бөлүмдөрдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу.
4. Түзүмдүк бөлүмдөр тейлеген багыттарынын алкагында жана белгиленген компетенциянын чегинде жалпы милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй жалпы функцияларды ишке ашырат:
1) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына тейлеген багыттары боюнча маалыматтарды чогултуу, жалпылоо, талдоо жана сунуштарды киргизүү, маалыматтык, аналитикалык жана башка материалдарды даярдоо;
2) мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, алардын чектеш чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) Президенттин Администрациясынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Президенттин, Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында консультациялык-кеңешүүчү органдардын, кеңештердин, жумушчу комиссиялардын жана топтордун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу жана координациялоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырууну, анын ичинде аларды жер-жерлерде ишке ашыруунун жүрүшүн иликтөө жолу менен координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
5) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
6) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
7) Президенттин Администрациясында ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун жол-жоболук коштоо;
8) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
9) Министрлер Кабинетинин жыйналышына киргизилүүчү маселелерди, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын, Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоо, Министрлер Кабинетинин жыйналышына жана кеңешмеге чакырылгандардын келүүсүн камсыз кылуу;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын катышуусу менен иш-чараларды уюштуруу;
11) жарандардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка юридикалык жактардын Президентке, Министрлер Кабинетине, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө даректелген каттарын жана кайрылууларын кароо.
3. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктары
5. Түзүмдүк бөлүмдөр милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруунун алкагында жана белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, кызмат адамдарынан өз функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык-аналитикалык жана башка материалдарды, анын ичинде жашыруун материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларына ылайык маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырууга;
3) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясынын чегинде тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн угууга жана талап кылууга;
4) белгиленген компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Мамлекеттик катчынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында тапшырмаларды берүүгө;
5) түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерин мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына, анын ичинде региондорго баруу менен алардын ишин, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), башка ченемдик укуктук актыларды аткарууларын изилдөө максатында инспекциялоо үчүн жиберүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын жана тапшырмаларын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, анын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга;
7) кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнү демилгелөөгө жана белгиленген тартипте уюштурууга, алардын жыйынтыгы боюнча жана өз демилгеси боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
8) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызмат адамдарын сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын ишке ашырууда аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарбоо фактыларын жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
10) Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик (жарандык) коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте ишке тартууга;
11) төмөнкүлөрдү пайдаланууга:
- мамлекеттик, ошондой эле атайын байланыш жана коммуникация системаларын;
- Президенттин Администрациясынын маалымат базаларын жана белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын маалымат базаларын;
12) жумушчу топтордун, комиссиялардын, консультациялык кеңештердин жана башка коллегиалдык органдардын, анын ичинде ведомстволор аралык органдардын ишине катышууга;
13) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, юридикалык жактардын, жарандык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен атайын комиссияларды, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөөгө;
14) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга.
6. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (башкармалыктын начальниги, туруктуу өкүл, атайын өкүл, кызматтын жетекчиси, канцеляриянын жетекчиси, бөлүмдүн башчысы, жооптуу катчы, сектордун башчысы) түзүмдүк бөлүмдү жалпы жетектейт жана Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик катчы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен болгон мамилелерде анын атынан чыгат, түзүмдүк бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси:
1) түзүмдүк бөлүмдүн ишин пландайт, функциялык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт, тиешелүү тапшырмаларды берет жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыздайт;
2) түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан тапшырмалардын аткарылышы, документтердин сапаттуу жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) төмөнкүлөрдү контролдоону камсыздайт:
- түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин аткаруусунда турган документтердин жана тапшырмалардын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын;
- түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан эмгек тартибинин сакталышын;
4) түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешмелерди өткөрөт;
5) Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик катчы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тапшырган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын чакырат;
6) Президент, Министрлер Кабинети, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик катчы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан каралууга тийиш болгон маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча тартат;
7) Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түзүмдүк бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурайт жана ыкчам тартипте алат;
8) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Мамлекеттик катчыда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болуучу кеңешмелерге катышат;
9) төмөнкүлөр жөнүндө белгиленген тартипте сунуштарды киргизет:
- түзүмдүк бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны;
- түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, кадрдык резервге киргизүү, которуу, кызмат ордунан бошотуу, жумуштан кетирүү, милдеттерин убактылуу аткаруу жөнүндө, класстык чендерди ыйгаруу, аларды жумушчу топтордун, комиссиялардын курамына киргизүү жана кызматтык иш сапарларга жиберүү;
- түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана алардын орун басарларына, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарына карата сыйлоо же кызмат ордунан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу;
- түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт;
10) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт;
11) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге, жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча жоопторго кол коёт;
12) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча пикир келишпестиктерди жоюу максатында мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун талкуулоо боюнча кеңешмелерди уюштурат;
13) түзүмдүк бөлүмдө жашырындуулук режиминин сакталышын камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылууга тийиш эмес маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
14) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
15) өзүнүн компетенциясынын чегинде түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерине тапшырма берет;
16) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары:
1) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жок учурда аны алмаштырат;
2) өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) түзүмдүк бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда түзүмдүк бөлүмдүн кароосуна келип түшкөн документтерди жана кайрылууларды бөлүштүрөт;
5) түзүмдүк бөлүмдүн иш пландарынын долбоорлорун түзөт, аларды түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине киргизет, аткарылышын контролдойт;
6) маалыматтык материалдарга, документтерге талдоо жүргүзөт жана тейлеген чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине сунуштарды киргизет;
7) түзүмдүк бөлүм тарабынан Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин актыларынын, Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышын, ошондой эле аларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өз убагында маалымдоону уюштурат;
8) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жок болгон учурда же анын тапшырмасы боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт, өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
9) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жок болгон учурда Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Мамлекеттик катчыда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында, башкармалыктардын начальниктеринде болуучу кеңешмелерге катышат;
10) түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине сунуштарды киргизет;
11) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик катчы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тапшырган маселелерди ыкчам тартипте чечүү үчүн зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын чакырат;
12) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9. Өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ошондой эле башкармалыктардын курамындагы бөлүмдөрдүн курамына секторлор кириши мүмкүн.
Сектордун башчысы:
1) сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) сектордун ишин пландайт, сектордун кызматкерлеринин ортосунда документтерди жана тапшырмаларды бөлүштүрөт;
3) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары жок болгон учурда аларды алмаштырат;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Мамлекеттик катчы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, ошондой эле Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен болгон мамилелерде сектордун атынан чыгат;
5) өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
6) сектордун кызматкерлери тарабынан түзүмдүк бөлүмдүн жана сектордун компетенциясына кирген тапшырмалардын аткарылышын контролдойт;
7) маалыматтык материалдарга, документтерге талдоо жүргүзөт жана тейлеген чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине сунуштарды киргизет;
8) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси же түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары жок болгон учурда ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт;
9) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, анын орун басарынын тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Мамлекеттик катчыда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында, башкармалыктардын начальниктеринде болуучу кеңешмелерге катышат;
10) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине сектордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
11) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10. Түзүмдүк бөлүмдөрдө, анын ичинде жетекчинин орун басарынын жана/же сектордун башчысынын кызмат орундары каралбаган башкармалыктардын курамында түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жок болгон учурда аны алмаштыруу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча эксперттердин бирине жүктөлөт.
11. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн башкы эксперттери, мамлекеттик инспекторлору, инспекторлору жана эксперттери:
1) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилген кызматкерлердин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функциялык милдеттерди аткарат;
2) тапшырмалардын аткарылышы, тиешелүү документтердин сапаттуу жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) маалыматтык материалдарга, документтерге талдоо жүргүзөт жана тейлеген чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисине сунуштарды киргизет;
4) түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аналитикалык, маалымдамалык жана башка материалдарды даярдайт;
5) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат;
6) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
7) Президенттин Администрациясында ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун жол-жоболук коштойт;
8) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин жана тапшырмаларын, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жана башкармалыктардын начальниктеринин тапшырмаларын аткаруунун алкагында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү маалыматтарды, документтерди, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун өз убагында берүүсүн контролдойт;
9) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
10) жарандардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын каттарын жана кайрылууларын белгиленген тартипте карайт;
11) зарылдыгына жараша Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына, Президентте, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинде, Мамлекеттик катчыда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларында болуучу кеңешмелерге функциялык милдеттерине кирген маселелер боюнча катышат;
12) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча тейлеген мамлекеттик органдар өткөрүүчү жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
13) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин материалдары жана документтери менен таанышууга, ошондой эле алардан түзүмдүк бөлүмдүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга укуктуу;
14) жетекчиликтин тапшырмасы боюнча тейлеген мамлекеттик органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн жана уюмдарын, анын ичинде региондорго чыгуу менен алардын ишин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын изилдөө максатында инспекциялоону жүзөгө ашырууга укуктуу;
15) түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Башкы эксперттер жогоруда аталган ыйгарым укуктарга кошумча катары түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары жок болгон учурда ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна, башка документтерге виза коёт.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (мындан ары - түзүмдүк бөлүмдөр) жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары каралган.
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жалпы милдеттеринен, функцияларынан жана ыйгарым укуктарынан тышкары, ар бир түзүмдүк бөлүмдүн өзгөчө компетенциясына кирген өзгөчө милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жобосу менен аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгынын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) өзүнчө чечими менен регламенттелет.