Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык (мындан ары - башкармалык) башкаруунун милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, анын түзүмүнө аймактарды өнүктүрүү сектору кирет;
2) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмү, анын түзүмүнө төмөнкүлөр кирет;
- кадрдык иштер сектору;
- мамлекеттик сыйлыктар боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр (секторлор) башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктын бөлүмдөрү) болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруу максатында башкармалыктын начальниги Президенттин Администрациясынын башка, анын ичинде ушул башкармалыктын курамына кирбеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Башкармалыктын начальнигинин уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат орундарын айкаштырган эки орун басары болот.
Башкармалыктын начальнигинин орун басарлары - бөлүм башчылар башкармалыктын начальниги жок болгон учурда анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен анын милдетин аткарышат.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бир эле учурда аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болуп саналат.
Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы аныктаган башкы эксперттердин бири аткарат.
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин кадрдык иштер секторунун башчысы же башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы аныктаган бөлүмдүн эксперттеринин бири аткарат.
Сектордун башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин бөлүмдүн башчы жана башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы аныктаган эксперттердин бири аткарат.
Мамлекеттик сыйлыктар боюнча сектордун башчысы Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республиканын аймактарындагы иштердин жалпы абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына тиешелүү сунуштарды даярдоо;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын бөлүгүндө) ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруучулук маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын бөлүгүндө) ишин координациялоо;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын республиканын региондоруна жумушчу сапарларын, башка иш-чараларды бөлүмдүн компетенциясынын чегинде уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
6) белгиленген компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында кадр саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
9. Аймактарды өнүктүрүү секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын ишке ашырууну жалпы координациялоону камсыз кылуу.
2.2. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерди экспертизалоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
10. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун (улуттук стратегияларды, жалпы мамлекеттик өнүктүрүү программаларын, тармактык багыттагы стратегияларды, концепцияларды жана программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча пландарды, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары) төмөнкү чөйрөлөрдө даярдоону камсыз кылуу:
- экономика ("жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо, ЕАЭБ, КМШнын Экономикалык кеңеши жана ДСУ маселелеринен тышкары), тышкы жана ички соода, инвестициялар, туризм, экспорттук контролдоо, тарифтик эмес жөнгө салуу, расмий статистика;
- ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, адал-индустрия, эркин экономикалык зоналар, лицензиялык-уруксат берүү системасынын иштеши;
- өнөр жай, анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы;
- монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, метрология, стандартташтыруу, аккредитациялоонун улуттук системасы;
- салык салуу, салыктык эмес кирешелер, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, бажы саясаты;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, камсыздандыруу рыногу, финансылык отчеттуулук жана аудит системасы, банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө;
- мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик аудит, ички аудит, бухгалтердик эсеп жана жалпы мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугу;
- донордук жана гранттык жардам, тышкы жана ички мамлекеттик карызды башкаруу;
- финансы жана акча-кредит саясатын, баалуу кагаздар рыногун, финансы-кредиттик уюмдарды, төлөм жана банк системасын, ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү;
- автомобиль, темир жол, электр, суу транспорту, жарандык авиация, жол-транспорт комплексин жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдө техникалык регламенттерди сактоо;
- айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдер;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук;
- токой чарбасы, суу жана жер ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштеши, кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоо, Кыргыз Республикасындагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштер;
- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, мамлекеттин экологиялык коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо;
- геология, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу, анын ичинде бул чөйрөлөрдөгү контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык көзөмөлдөө;
- архитектура жана шаар куруу, курулуш комплекси, анын ичинде турак жай курулушу жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасы, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө);
- саламаттык сактоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграция, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары;
- социалдык коргоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, гендердик саясат;
- билим берүү, анын ичинде баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү маселелери, илим, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштеши, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү;
- маданият, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт;
2) Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге жогоруда аталган чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү мыйзамдардын долбоорлорунун, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка актылардын шайкештигин камсыз кылуу.
2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн негизги милдеттери
11. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан төмөнкү маселелер боюнча камсыз кылуу:
- мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (мыйзамдарды өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун өнүктүрүү боюнча стратегияларды жана концепцияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялоо);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо;
- мамлекеттик органдарды башкаруунун оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында штаттык сандын чегин калыптандыруу;
- жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү.
2) Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка актылардын долбоорлорунун стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
12. Кадрдык иштер секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кадрдык чечимдер боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык Президенттин Администрациясынын кадрдык курамын түзүү, Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
3) белгиленген компетенциянын алкагында Президенттин Администрациясында кадрдык процесстерди документтик жактан камсыздоо.
13. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары чөйрөсүндө Президенттин мамлекеттик саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле Президенттин атынан башка сыйлыктар маселелери боюнча Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылары жана башка сыйлыктар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана мыйзамдарынан, Президенттин актыларынан келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу.
3. Башкармалыктын функциялары
14. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө (секторлорго) жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
Башкармалык Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине комплекстүү маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу бөлүгүндө Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун ишин координациялайт.
3.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
15. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, башкармалыктын начальнигине киргизет;
2) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактар боюнча республикадагы коомдук-саясий кырдаалды баалайт, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасы боюнча аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдап турат;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын, шаарлардын мэрлерин жана вице-мэрлерин тийиштүү кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу менен байланышкан маселелерди координациялайт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү жана аларды таратууну даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле башка шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү менен байланышкан башка маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин бөлүмдүн компетенциясынын чегинде координациялайт;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга жумушчу сапарларына байланыштуу иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга болгон сапарларына байланыштуу ал жерлерде болуу программаларын, баруу объекттери жана региондор боюнча аналитикалык материалдарды даярдайт;
7) жер-жерлерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын карайт, зарыл болгон учурда бул максаттар үчүн Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамлекеттик жана башка органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн ишке тартат;
8) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте карайт жана киргизет;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоону уюштурат;
10) жер-жерлерде кадр саясатынын абалына, аймактардын жетекчилеринин ишинин жана функциялык даярдыгынын деңгээлине талдоо жүргүзөт;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболук коштойт;
12) зарыл болгон учурда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин инспекциялоону жүзөгө ашырат.
16. Аймактарды өнүктүрүү сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- аймактарды, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- региондорду өнүктүрүү фонддорун уюштуруу жана иштетүү;
2) туруктуу негизде тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасын баалоо боюнча жыйынды аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды даярдайт;
3) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын жүргүзүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде ушул чөйрөдө пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну жалпы координациялайт;
4) аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык реформа маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат.
3.2. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
17. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
- бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорунун Президент аныктаган ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы менен милдеттүү түрдө макулдашып, бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган укуктук актылардын мазмунуна Президенттин Администрациясынын чечмелөөсүн (түшүндүрмөсүн) белгиленген тартипте даярдайт;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин даярдоо бөлүгүндө ишин координациялайт.
3.3. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
18. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- региондук, муниципалдык жана башка мамлекеттик кадрлардын резервдерин түзүү жана иштетүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү;
- мамлекеттик органдардын системасындагы түзүмдүк кайра уюштуруу;
- мамлекеттик органдардын штаттык санынын чегин белгилөө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттөө;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлоруна Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоп жүрөт, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча долбоорлорду даярдайт:
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери;
- Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү маселелери боюнча Президенттин актылары;
4) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт;
5) тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин окутууга мамлекеттик заказды бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
19. Кадрдык иштер сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер (кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу, тартиптик жаза чараларын колдонуу, өргүү жөнүндө, иш сапарлар тууралуу, кадрдык башка маселелер), бөлүмдүн компетенциясына кирген башка маселелер боюнча чечимдерин даярдайт жана жол-жоболук коштойт;
3) Президенттин Администрациясында, анын ичинде "е-Кызмат" автоматташтырылган системасы аркылуу кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде:
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине командировкалык күбөлүктөрдү тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин ооруу барактарын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалымкат-объективкаларды тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин чет өлкөгө иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды (тизмелерди) туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасындагы башка адамдардын өздүк иштерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине маалымкат берет;
4) сектордун компетенциясынын алкагында Президенттин Администрациясынын кызматкерлери тарабынан Президенттин Администрациясында кызмат өтөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт;
5) Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин Администрациясынын Жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясында эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;
7) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жеке (өздүк) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды берүүгө көмөктөшөт;
8) Президенттин Администрациясынын кадр маселелери боюнча комиссиясынын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мамлекеттик органдардагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна класстык чендерди ыйгарууга талапкер мамлекеттик кызматчылар боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын телефондук маалымдамасын даярдоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жер-жерлерде кадрдык кызматтар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
20. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;
2) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыз кылат, Комиссиянын жыйналыштарын уюштурат жана анын толук кандуу жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусундагы иш-чараларды, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруунун, ардак наамдарды ыйгаруунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырууну даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;
5) сыйлоо үчүн берилген материалдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин карайт жана экспертиза жүргүзөт, сыйлоо материалдарын тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизет же аларды кайтарып берүүнү жүзөгө ашырат;
6) бекитилген үлгүлөр жана сыпаттамалар, алардын күбөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарынын белгилерин жана мамлекеттик сый акыларын белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылат;
7) мамлекеттик сыйлыктар фондун жүргүзүүнү уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга консультациялык жардам көрсөтөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча каттарды, кайрылууларды, арыздарды карайт, кызматтык кат алышууну жана почталык кат-кабарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырат;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча чечимдерин белгиленген тартипте даярдайт, жол-жоболук коштойт;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
12) төмөнкүлөрдү өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет:
- мамлекеттик сыйлыктарды, мамлекеттик сый акыларды, башка сыйлыктарды тапшыруу жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү аземдерин, атрибутикаларын жана практикасын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде элдин тарыхый-маданий руханиятынын негиздерине таянуу менен жана/же Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесине арналган укук колдонуу боюнча калыптанган практиканы эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын жаңы түрлөрүн киргизүүнү жана колдонуудагы түрлөрүн жоюуну;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшыруу, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча аналитикалык жана статистикалык иштерди жүргүзөт.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
21. Башкармалык жана анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор), башкармалыктын жана анын курамына кирген бөлүмдөрдүн (секторлордун) жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
- Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
23. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар тиешелүү маселелерди кароодо Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат.
24. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча сектор жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылар жана башка сыйлыктар чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузуу менен таризделген материалдарды жана документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарына, мекемелерине, чыгармачыл бирликтерине кайтарып берүүгө;
2) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде каралган тизмеге киргизилбеген адамдардан Президенттин атына, Президенттин Администрациясына жана/же мамлекеттик сыйлыктар боюнча секторго келип түшкөн сунуштарды жана кайрылууларды кароосуз жана/же жоопсуз калтырууга.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
25. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор) өз ишин Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
26. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин (региондук өнүктүрүү жана административдик-аймактык реформа маселелери бөлүгүндө);
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарды.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
27. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин ченемдик укуктук актыларынын, чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана илгерилетүү бөлүгүндө төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт (стратегиялык пландоо маселелеринен тышкары):
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин (аймактарды өнүктүрүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо, административдик-аймактык түзүлүш жана административдик-аймактык реформа, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелеринен, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чеги, бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо иши, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин (этностор аралык мамилелер жана маалымат маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссияны;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарды.
Бөлүм Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдерин даярдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
28. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмү өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин (жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чеги маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарды.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык жөнүндө жобо
(КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 24-январындагы № 26 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалык (мындан ары - башкармалык) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, анын түзүмүнө аймактарды өнүктүрүү сектору кирет;
2) тармактык саясат бөлүмү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү, анын түзүмүнө кадрдык иштер сектору кирет;
4) сыйлыктар боюнча сектор.
Жогоруда аталган бөлүмдөр (секторлор) башкармалыктын (башкармалыктын бөлүмдөрүнүн) курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткаруу максатында башкармалыктын начальниги Президенттин Администрациясынын башка, анын ичинде ушул башкармалыктын курамына кирбеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды берүүгө укуктуу.
Башкармалыктын начальнигинин уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын жана тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын кызмат орундарын айкаштырган эки орун басары болот.
Башкармалыктын начальниги жок мезгилде анын милдетин кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин орун басары болуп саналган тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы аткарат.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бир эле учурда аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы болуп саналат жана ал жок мезгилде бөлүм башчынын милдетин аткарат.
Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын начальниги жана башкармалыктын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы бир мезгилде жок болгон учурда, ошондой эле башкармалыктын начальнигинин тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен башкармалыктын начальнигинин милдетин аткарат.
Тармактык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүм башчы жок мезгилде анын милдетин аткарат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин кадрдык иштер секторунун башчысы же башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн башчысы аныктаган бөлүмдүн эксперттеринин бири аткарат.
Сектордун башчысы жок болгон мезгилде анын милдетин бөлүмдүн башчы жана башкармалыктын начальниги менен макулдашуу боюнча сектордун башчысы аныктаган эксперттердин бири аткарат.
Сыйлыктар боюнча сектордун башчысы Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп саналат.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык белгиленген компетенциянын чегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жана секторлорго жүктөлгөн негизги милдеттерден келип чыккан өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республиканын аймактарындагы иштердин жалпы абалына мониторинг жүргүзүү жана талдоо, орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына тиешелүү сунуштарды даярдоо;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында) ишин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген уюштуруучулук маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкагында) ишин координациялоо;
4) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын республиканын аймактарына жумушчу сапарларын, башка иш-чараларды бөлүмдүн компетенциясынын чегинде уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу;
6) белгиленген компетенциясынын чегинде аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында кадр саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу.
9. Аймактарды өнүктүрүү секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат;
1) аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын ишке ашырууну жалпы координациялоону камсыз кылуу.
2.2. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери
10. Тармактык саясат бөлүмүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу:
- экономика (жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен тышкары), тышкы жана ички соода, инвестициялар, туризм, экспорттук контролдоо, тарифтик эмес жөнгө салуу, расмий статистика;
- ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, адал-индустрия, эркин экономикалык зоналар, лицензиялык-уруксат берүү системасынын иштеши;
- өнөр жай, анын ичинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы;
- монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, метрология, стандартташтыруу, аккредитациялоонун улуттук системасы;
- салык салуу, салыктык эмес кирешелер, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу, бажы саясаты;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттук жана анын алдын алуу;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор, камсыздандыруу рыногу, финансылык отчеттуулук жана аудит системасы, банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук;
- мамлекеттик финансыларды башкаруу, мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттин болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгуу, бюджеттик кредиттөө;
- мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик аудит, ички аудит, бухгалтердик эсеп жана мамлекеттик башкаруу секторунун финансылык отчеттуулугу;
- тышкы жана ички мамлекеттик карызды башкаруу;
- финансы жана акча-кредит саясатын, баалуу кагаздар рыногун, финансы-кредиттик уюмдарды, төлөм жана банк системасын, ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү;
- автомобиль, темир жол, электр, суу транспорту, жарандык авиация, жол-транспорт комплексин жана коммуникацияларды өнүктүрүү, бул чөйрөдө техникалык регламенттерди сактоо;
- айыл чарба, агроөнөр жай комплекси, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдер жана токой чарбасы;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук;
- суу жана жер ресурстары, ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктура;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштеши, кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоо, Кыргыз Республикасындагы топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштер;
- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрдүүлүктү сактоо, мамлекеттин экологиялык коопсуздугу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо;
- геология, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу, анын ичинде бул чөйрөлөрдөгү контролдоо жана көзөмөлдөө;
- отун-энергетикалык комплекси жана энергетикалык көзөмөлдөө;
- архитектура жана шаар куруу, курулуш комплекси, анын ичинде турак жай курулушу жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасы, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө);
- саламаттык сактоо, жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу;
- эмгек, иш менен камсыз кылуу, миграция, бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары;
- социалдык коргоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, гендердик саясат;
- билим берүү, анын ичинде баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү маселелери, илим, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун улуттук системасынын иштеши, интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү;
- маданият, жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын жетекчисинин чечимдерин, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону камсыз кылуу (жалпы мамлекеттик стратегиядан жана өнүктүрүү программасынан, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча комплекстүү пландардан, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын координациялоо маселелери боюнча актылардан тышкары);
3) мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү башка актылардын долбоорлорунун Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
2.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери
11. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик, уюштуруучулук жана башка жактан төмөнкү маселелер боюнча камсыз кылуу:
- мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү (мыйзамдарды өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун өнүктүрүү боюнча стратегияларды жана концепцияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелерин координациялоо);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды атоо жана кайра атоо;
- мамлекеттик органдарды башкаруунун оптималдуу түзүмүн калыптандыруу, мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды сарамжалдуу бөлүштүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында штаттык сандын чегин калыптандыруу;
- жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү;
2) Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү жогоруда көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин), башка актылардын долбоорлорунун стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигин камсыз кылуу.
12. Кадрдык иштер секторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кадрдык чечимдер боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) белгиленген квалификациялык талаптарга жана кесиптик компетенцияларга ылайык Президенттин Администрациясынын кадрдык курамын түзүү, Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин кадрдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
3) белгиленген компетенциянын алкагында Президенттин Администрациясында кадрдык процесстерди документтик жактан камсыздоо.
2.4. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери
13. Сыйлыктар боюнча сектордун негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары чөйрөсүндө Президенттин мамлекеттик саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле Президенттин атынан башка сыйлыктар маселелери боюнча Президенттин конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
5) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылары жана башка сыйлыктар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана мыйзамдарынан, Президенттин актыларынан келип чыгуучу башка милдеттерди ишке ашыруу.
3. Башкармалыктын функциялары
14. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө (секторлорго) жүктөлгөн функциялардан келип чыккан өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
15. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын ишин өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, башкармалыктын начальнигине киргизет;
2) тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактар боюнча республикадагы коомдук-саясий кырдаалды баалоо, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасы боюнча аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды туруктуу негизде даярдап турат;
3) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жана алардын орун басарларын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын жана алардын орун басарларын, шаарлардын мэрлерин жана вице-мэрлерин тийиштүү кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу менен байланышкан маселелерди координациялайт;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү жана аларды таратууну даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле башка шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү менен байланышкан башка маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин бөлүмдүн компетенциясынын чегинде координациялайт;
5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга жумушчу сапарларына байланыштуу иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын аймактарга болгон сапарларына байланыштуу ал жерлерде болуу программаларын, баруу объекттери жана аймактар боюнча аналитикалык материалдарды даярдайт;
7) жер-жерлерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын карайт, зарыл болгон учурда бул максаттар үчүн Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамлекеттик жана башка органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн ишке тартат;
8) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте карайт жана киргизет;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Элдик Курултай менен өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында зарыл болгон иш-чараларды даярдоону уюштурат;
10) жер-жерлерде кадр саясатынын абалына, аймактардын жетекчилеринин ишинин жана функциялык даярдыгынын деңгээлине талдоо жүргүзөт;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарынын ишин инспекциялоону жүзөгө ашырат.
16. Аймактарды өнүктүрүү сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- аймактарды, анын ичинде чек ара аймактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- аймактарды өнүктүрүү фонддорун уюштуруу жана иштетүү;
2) туруктуу негизде тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу менен аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн динамикасын баалоо боюнча жыйынды аналитикалык, маалыматтык жана башка материалдарды даярдайт;
3) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасын жүргүзүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде ушул чөйрөдө пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну жалпы координациялайт;
4) аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык реформа маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат.
3.2. Тармактык саясат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
17. Тармактык саясат бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө Президенттин Администрациясына белгиленген тартипте киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлорунун Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка программалык документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгы менен милдеттүү түрдө макулдашып, бөлүм тарабынан чыгарууга даярдалган Президенттин Администрациясынын укуктук актыларынын мазмунуна чечмелөөнү (түшүндүрмөнү) белгиленген тартипте даярдайт;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдү жана багыттарды өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат.
3.3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
18. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) төмөнкү маселелер боюнча ишти координациялайт, мониторинг жүргүзөт, талдайт жана сунуштарды иштеп чыгат:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик кадр саясаты жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- аймактык, муниципалдык жана башка мамлекеттик кадрлардын резервдерин түзүү жана иштетүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын системасында түзүмдүк өзгөртүп түзүүлөрдү жүргүзүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ортосунда функцияларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттөө;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө белгиленген тартипте Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин) долбоорлоруна Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарына, стратегиялык жана башка документтерге шайкештигине экспертиза жүргүзөт;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорун иштеп чыгат, Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча долбоорлорду даярдайт:
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечимдери;
- Министрлер Кабинетинин түзүмүн, Президенттин Администрациясынын түзүмүн жана штаттык санын өзгөртүү маселелери боюнча Президенттин актылары;
4) Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин координациялайт;
5) тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказды бекитүү маселелерин координациялайт, анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
19. Кадрдык иштер сектору төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына кадрларды тандоого көмөк көрсөтөт;
2) Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген кызмат орундарына тиешелүү кадрдык маселелер (кызматка дайындоо, кызматтан бошотуу, тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу, өргүү жөнүндө, иш сапарлар тууралуу, кадрдык башка маселелер), сектордун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча (сот органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү соттордун судьяларын жана чет өлкөлүк мекемелердин жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу маселелеринен тышкары) чечимдерин даярдайт жана жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
3) Президенттин Администрациясында, анын ичинде "е-Кызмат" автоматташтырылган системасы аркылуу кадрларды эсепке алат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт, анын ичинде:
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине иш сапардык күбөлүктөрдү тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин ооруу баракчаларын тариздейт жана эсебин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин Т-2 формасы боюнча карточкаларын тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин эмгек китепчелерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдарга маалымкат-объективкаларды тариздейт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин чет өлкөгө иш сапарлары жөнүндө маалыматтарды (тизмелерди) туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин сапаттык курамы, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдар жөнүндө маалыматты туруктуу негизде даярдайт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка адамдардын (сот органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү соттордун судьяларын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилерин кошпогондо) өздүк иштерин жүргүзөт;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторун эсепке алууну жана сактоону камсыз кылат;
- Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине маалымкат берет;
4) сектордун компетенциясынын алкагында Президенттин Администрациясынын кызматкерлери тарабынан Президенттин Администрациясында кызмат өтөөнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзөт;
5) Президенттин Администрациясынын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
6) Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясында эмгек тартибин, дресс-кодду сактоону контролдойт;
7) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жеке (өздүк) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияларды берүүгө көмөктөшөт;
8) Президенттин Администрациясынын кадр маселелери боюнча комиссиясынын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
9) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген бош кызмат орундарынын эсебин жүргүзөт, мамлекеттик органдардагы бош кызмат орундары жөнүндө маалыматтарды туруктуу негизде даярдайт;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна класстык чендерди ыйгарууга талапкер мамлекеттик кызматчылар боюнча материалдарды даярдоону жана киргизүүнү жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын телефондук маалымдамасын даярдоону жүзөгө ашырат;
12) зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнү регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында жер-жерлерде кадрдык кызматтар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
3.4. Сыйлыктар боюнча сектордун өзгөчө функциялары
20. Сыйлыктар боюнча сектор төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктары жана баалуу белектери менен байланышкан комплекстүү маселелерди координациялайт;
2) Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйналышын уюштурат жана анын толук жана натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыз кылат;
3) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча комиссиянын ишин уюштурат жана камсыз кылат;
4) Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын, башка сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшыруу салтанаттуу аземи менен мамлекеттик иш-чараларды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
5) сыйлоо үчүн берилген материалдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин карайт жана экспертиза жүргүзөт, сыйлоо материалдарын тиешелүү комиссиянын кароосуна киргизет же аларды кайтарып берүүнү жүзөгө ашырат;
6) бекитилген үлгүлөр жана сыпаттамалар, алардын күбөлүктөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, ардак наамдарынын белгилерин жана мамлекеттик сый акыларын белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылат;
7) мамлекеттик сыйлыктар фондун жүргүзүүнү уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга консультациялык жардам көрсөтөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча каттарды, кайрылууларды, арыздарды карайт, кызматтык кат алышууну жана почталык кат-кабарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырат;
10) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары, мамлекеттик сый акылары, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча чечимдерин белгиленген тартипте даярдайт, жол-жоболук коштоону жүзөгө ашырат;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, мамлекеттик сый акылары, башка сыйлыктар менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
12) төмөнкүлөрдү өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары, ошондой эле башка сыйлыктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде элдин тарыхый-маданий руханиятынын негиздерине таянуу менен жана/же Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесине арналган укук колдонуу боюнча калыптанган практиканы эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын жаңы түрлөрүн киргизүүнү жана колдонуудагы түрлөрүн жоюуну;
- мамлекеттик сыйлыктарды, мамлекеттик сый акыларды, башка сыйлыктарды тапшыруу жана ардак наамдарды ыйгаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү аземдерин, атрибутикаларын жана практикасын;
13) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сый акыларын ыйгаруу, Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшыруу, башка сыйлыктар жана баалуу белектер маселелери боюнча аналитикалык жана статистикалык иштерди жүргүзөт;
14) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сыйлыктары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ченемдеринен жана талаптарынан келип чыккан башка функцияларды аткарат.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
21. Башкармалык жана анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор), башкармалыктын жана анын курамына кирген бөлүмдөрдүн (секторлордун) жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22. Башкармалыктын начальниги жалпы ыйгарым укуктар менен бирге:
1) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине башкармалыктын курамына кирбеген Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тартиптик чараларды колдонуу жөнүндө, анын ичинде тиешелүү тапшырмаларды аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу фактылары боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
2) Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелине кол коет.
23. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
- Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларынын колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгаруу же токтото туруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
24. Тармактык саясат бөлүмү жалпы ыйгарым укуктары менен катар тиешелүү маселелерди кароодо Министрлер Кабинетинин жыйналышына чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат.
25. Сыйлыктар боюнча сектор жалпы ыйгарым укуктары менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар, мамлекеттик сый акылар жана башка сыйлыктар чөйрөсүндө белгиленген эрежелерди жана талаптарды бузуу менен таризделген материалдарды жана документтерди толуктап иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарына, мекемелерине, чыгармачыл бирликтерине кайтарып берүүгө;
2) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинде каралган тизмеге киргизилбеген адамдардан Президенттин атына, Президенттин Администрациясына жана/же сыйлыктар боюнча секторго келип түшкөн сунуштарды жана кайрылууларды кароосуз жана/же жоопсуз калтырууга.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
26. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр (секторлор) өз ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
27. Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (аймактык өнүктүрүү жана административдик-аймактык реформа маселелери боюнча);
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында);
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
28. Тармактык саясат бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык пландоо, аймактарды өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана административдик-аймактык реформа, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелеринен, Евразия экономикалык бирлигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун маселелеринен, жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын маселелерин координациялоо, саясатты иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү, бажы чөйрөсүндөгү укук коргоо иши, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү, мамлекеттик инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (этностор аралык мамилелер жана маалымат маселелеринен тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мамлекеттик материалдык резерв, токой кызматы маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлкү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын;
- "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун жана башка акционердик коомдордун (макулдашуу боюнча), мамлекеттик ишканалардын жана бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка чарбакер субъекттердин;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
Бөлүм Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, эки тараптуу өнүктүрүү фонддору, Кыргызстандын кесиптик бирликтеринин федерациясы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
29. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдүн ишин тескейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин (жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин (мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин комплекстүү түзүү маселелери боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдарды.
Бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.