Загрузка документа…
| 5-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине ылайык)
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр
башкармалыгы жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 225 тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын (мындан ары - Мамлекеттик катчы), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) башкармалыктын милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Башкармалык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Башкармалыктын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү;
2) ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү.
Жогоруда аталган бөлүмдөр башкармалыктын курамындагы түзүмдүк бөлүмдөр болуп саналат.
4. Башкармалыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
5. Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Башкармалыкты башкармалыктын начальниги башкарат, ал башкармалыктын курамына кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жалпы жетектейт.
Башкармалыктын начальнигинин стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордун айкалыштырган орун басары болот.
Бөлүм башчы - башкармалыктын начальнигинин орун басары башкармалыктын начальниги жокто кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде анын ордун бөлүм башчы аныктаган башкы эксперттердин бири алмаштырат.
ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы жок болгон мезгилде аны бөлүм башчы аныктаган эксперттердин бири алмаштырат.
Бөлүм башчылары башкармалыктын начальнигинин жетекчилиги астында иштейт.
2. Башкармалыктын милдеттери
7. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн негизги милдеттерден түзүлгөн өзгөчө милдеттерди ишке ашырат.
2.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды
талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
8. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Мамлекеттик катчынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин маалыматтык-аналитикалык, эксперттик жана башка жактан камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык пландоо, анын ичинде стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкаруу;
- жашыл экономика;
- этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, мамлекеттик тилди жана тил саясатын, динди өнүктүрүү;
2) «Өкмөттүк акселераторлор» механизми аркылуу реформаны натыйжалуу жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу жана координациялоо;
3) өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
2.2. ТӨМ жана тышкы жардамды
координациялоо бөлүмүнүн негизги милдеттери
9. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн негизги милдети болуп Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын төмөнкү маселелер боюнча ишин камсыз кылуу саналат:
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (мындан ары - ТӨМ) ишке ашыруу;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо;
- өнүктүрүү, тышкы жардамды тартууну координациялоо боюнча эл аралык уюмдар жана енөктөштөр менен өз ара аракеттенүү (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо).
3. Башкармалыктын функциялары
10. Башкармалык Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле анын курамына кирген бөлүмдөргө жүктөлгөн функциялардан түзүлгөн өзгөчө функцияларды аткарат.
3.1. Стратегиялык пландоо жана реформаларды
талдоо бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
11. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын жана аларды ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар пландарын иштеп чыгат;
2) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аныкталган стратегиялык маанидеги долбоорлорду башкарат;
3) тышкы жана ички факторлордун таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча реформаларга комплекстүү мониторинг жана талдоо жүргүзөт, тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды, анын ичинде ички саясаттын негизги багыттарын аныктоочу документтерди, анын ичинде аларды ишке ашыруу боюнча документтерди оңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
4) Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү жылга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;
5) дүйнөдөгү жана региондогу экономикалык кырдаалды талдайт, потенциалдуу тобокелдиктерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча сунуштарды баалайт жана иштеп чыгат;
6) Өнөктөш өлкөлөр менен тышкы экономикалык кызматташтыктын алкагында реформаларды даярдоо боюнча комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
7) өлкөдөгү иштердин абалы жана Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары, гуманитардык жана руханий өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө Президенттин Кыргызстан элине ар жылдык кайрылуусун даярдоону камсыз кылат;
8) орто мөөнөттүү стратегияларды жана өнүктүрүү саясатын түзүү, мамлекеттик стратегиялык пландоонун методологиясын жана укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
9) «жашыл» экономиканы өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана демилгелерди иштеп чыгат жана илгерилетет, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитеттин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
10) жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат, мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү, «Манас» эпосу жана тарых илими маселелерин координациялайт;
11) Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин чыңдоо чөйрөсүндөгү, мамлекеттик-улуттук курулушту өнүктүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, этностор аралык мамилелер, дин, мамлекеттик тил, «Манас» эпосу жана тарых илими жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
12) Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылат;
13) Президентке караштуу Улуттук биримдикти чыңдоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин ишин уюштуруучулук-методикалык жактан камсыз кылат;
14) ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, тейлеген багыттары боюнча, анын ичинде этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак, коомду гуманитардык жана руханий жактан өнүктүрүү, дин, мамлекеттик тил жана тил саясаты, «Манас» эпосу жана тарых илими маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана жол-жоболук коштойт.
3.2. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо
бөлүмүнүн өзгөчө функциялары
12. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү жүктөлгөн милдеттердин алкагында төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) улуттук өнөктөштөр - министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ТӨМдү адаптациялоо, ишке ашыруу жана жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү процессине тартылган башка уюмдар жана адамдар тарабынан ТӨМдү ишке ашырууга жана жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүүгө, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана адаптациялоого багытталган чаралардын ишке ашырылышын координациялайт жана көмөк көрсөтөт;
2) Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеште орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жактыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
3) Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
4) тиешелүү жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен билдирүүсүн жактыруу боюнча иш жүргүзөт;
5) саясатты аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык финансы институттары, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялайт;
6) тышкы жардамды тартуу процессин координациялоо бөлүгүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенет (тармактык жөнгө салуу маселелерин кошпогондо);
7) эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү тышкы жардамдарга мониторинг жүргүзүүнү координациялайт;
8) Министрлер Кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кенештин аянтчасында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен диалогду уюштурууну зарыл болгон учурда жүзөгө ашырат, Координациялык кеңештин катчылыгынын функцияларын ишке ашырат;
9) гранттык жана донордук жардамды тартуу боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;
10) тейлеген багыттары боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат, аларга экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
4. Башкармалыктын ыйгарым укуктары
13. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр, башкармалыктын жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилген Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине, Мамлекеттик катчыга аналитикалык жана маалымдама материалдарды, өлкөнү өнүктүрүүнүн ар түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жана талдоонун негизинде сунуштарды киргизүүгө укуктуу;
3) тейлеген мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, ошондой эле аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды жетекчиликтин кароосуна киргизүүгө укуктуу;
4) Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарып берүүгө укуктуу;
5) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
14. Башкармалык, анын курамына кирген бөлүмдөр өз ишин компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, акционердик корпорациялар жана коомдор, коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз оз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
15. Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмү:
1) тейлеген багыттары боюнча «Кыргызстан элинин ассамблеясы» коомдук бирикмеси, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (стратегиялык өнүктүрүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (этностор аралык мамилелер бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун;
- «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын (комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылуу);
- Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фондунун (улуттук-мамлекеттик курулуш бөлүгүндө);
- «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти чындоо жана дин саясаты боюнча эксперттик кеңештин (эксперттик кеңештин ишин уюштуруу-методологиялык камсыздоо);
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.
16. ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмү төмөнкүлөрдүн ишин тейлейт:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (ТӨМ маселелерин координациялоо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана адаптациялоо, эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү саясатын иштеп чыгуу жана координациялоо, өнүктүрүү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлүүчү тышкы жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик инвестициялар жана эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин координациялоо маселелери бөлүгүндө);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун;
- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин;
- башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын.