Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү (мындан ары - бөлүм) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык 'жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Бөлүмдү бөлүмдүн башчысы жетектейт, ал бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик кылат.
Бөлүмдүн башчысынын орун басары болот, ал бөлүмдүн башчысы жок мезгилде жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
2. Бөлүмдүн милдеттери
6. Бөлүм Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо боюнча белгиленген компетенциянын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө милдеттерди ишке ашырат:
1) сот бийлигинин органдарына жана прокуратура органдарына карата конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Президенттин ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен Президенттин, Министрлер Кабинетинин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) сот реформасы маселелери боюнча Президенттин мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга катышуу;
4) сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү, мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык жана эксперттик-болжолдук камсыздоо;
5) сот органдарында жана прокуратура органдарында мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу;
6) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин ишин камсыз кылуу.
3. Бөлүмдүн функциялары
7. Бөлүм Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй өзгөчө функцияларды аткарат:
1) Президентке төмөнкү маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет:
- Кыргыз Республикасынын судьяларын кызмат ордуна шайлоо жана дайындоо үчүн сунуштарды;
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын ыйгарым укуктарын токтото туруу, четтетүү же мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштарын;
2) белгиленген тартипте сунуштарды даярдайт, сот, укук коргоо ишин өркүндөтүү жана сот адилеттигин камсыз кылуу жаатындагы саясатты, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу-практикалык чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
3) бөлүмдүн карамагына кирген чөйрөлөрдө ата мекендик жана чет элдик практиканы жана тажрыйбаны изилдейт;
4) келип түшкөн сунуштарга төмөнкүдөй корутундуларды даярдайт:
- судьяларга, соттордун аппараттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары - Сот адилеттигинин жогорку мектеби) кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды, квалификациялык класстарды, класстык жана атайын класстык чендерди, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө;
- прокуратура органдарынын кызматкерлерине жогорку атайын жана аскердик наамдарды, класстык жана атайын класстык чендерди, ардак наамдарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө;
5) жарандардын жана юридикалык жактардын судьяларга, соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерине карата келип түшкөн кайрылууларын жана башка кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде карайт, бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
6) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, соттордун бюджетин түзүү жана аткаруу, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселелери боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) судьяларын жана жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө маселелерди кароодо;
7) Конституциялык соттун судьяларынын, Жогорку соттун судьяларынын, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоонун жана аларды шайлоого же дайындоого сунуштоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши (мындан ары - Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
8) сотторду финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча Сот департаменти, судьялык кадрларды даярдоо маселелери боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
9) сот бийлигинин органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
10) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (мындан ары - Адвокатура) менен өз ара аракеттенет;
11) Кыргыз Республикасынын судьяларына тиешелүү материалдарды Судьялар кеңешине жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке тиешелүүлүгү боюнча кароого жөнөтөт;
12) мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет;
13) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) менен жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери, мыйзамдуулукту сактоо жаатында Президент тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча ишти координациялоону камсыз кылат;
14) Башкы прокурорду жана анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте даярдайт;
15) Башкы прокуратура менен прокуратура органдарынын кадрдык резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
16) прокуратура органдарында жетекчи кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди макулдашат жана прокуратура органдарынын кызматкерлерин жетекчилик кызматка дайындоодо алар менен аңгемелешүүлөрдү өткөрөт;
17) төмөнкү маселелер боюнча өз ара аракеттенет:
- прокуратура органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү менен укук коргоо ишин өркүндөтүү, коррупцияга каршы аракеттенүү;
- прокуратура органдарынын эл аралык уюмдар менен кызматташуусу;
18) прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын жана башка кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде карайт, бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
19) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгат, тейлөөчү багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана Президенттин Администрациясында жол-жоболук коштойт.
4. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
8. Бөлүм, бөлүмдүн жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;
3) башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9. Бөлүмдүн башчысы башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен өз ара аракеттенет;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Судьялар кеңеши, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш, сот органдары, прокуратура органдары менен өз ара аракеттенет.
10. Бөлүмдүн башчысынын орун басары башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) бөлүмдүн башчысы менен макулдашуу боюнча бөлүмгө келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, мыйзамдуулук маселелери боюнча материалдарды кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрөт;
2) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча эксперттик-аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды, пландарды жана отчетторду иштеп чыгат;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет.
11. Эксперттер башка ыйгарым укуктар менен катар:
1) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча сот органдары, прокуратура органдары жана Адвокатура, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен иштөөнү камсыз кылат;
3) сот системасын жана прокуратура органдарын реформалоо маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт, талдайт жана даярдайт;
4) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо бөлүгүндө сот органдарынын жана прокуратуранын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды талдайт;
5) соттордун жана прокуратуранын ишине тиешелүү маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларына жооптордун жана корутундулардын долбоорлорун карайт жана даярдайт, зарыл болгон учурда алар боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, бөлүмдүн башчысынын жана анын орун басарынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
6) бөлүмдүн башчысы жана мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча бөлүмгө келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында көрсөтүлгөн жагдайлар жөнүндө маалыматты таанышуу иретинде алат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
12. Бөлүм өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
Бөлүм төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- Кыргыз Республикасынын сот органдары, Сот департаменти, Сот адилеттигинин жогорку мектеби;
- Судьялар кеңеши;
- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш;
- Адвокатура;
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.