Загрузка документа…
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгү (мындан ары - атайын өкүлчүлүк) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары) атайын өкүлчүлүктүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелер боюнча ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Атайын өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин (Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Атайын өкүлчүлүктүн кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Атайын өкүлчүлүктүн кызматкерлерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Атайын өкүлчүлүктү атайын өкүл жетектейт, ал атайын өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
Атайын өкүлдүн орун басары болот, ал атайын өкүл жок учурда жана анын тапшырмасы боюнча кызматтык документтерге кол коюу укугу менен аны алмаштырат.
2. Атайын өкүлчүлүктүн милдеттери
6. Атайын өкүлчүлүк Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы милдеттерди ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана редемаркациялоо, чектеш мамлекеттер менен чек ара, суу, жер жана мүлк мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ыйгарым укуктарын атайын өкүлчүлүктүн компетенциясынын чегинде камсыз кылат.
3. Атайын өкүлчүлүктүн функциялары
7. Атайын өкүлчүлүк Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы функцияларды, ошондой эле төмөнкүдөй спецификалык функцияларды аткарат:
1) белгиленген компетенциянын чегинде чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
2) Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин негизинде чек ара, суу, жер жана мүлк маселелерин жөнгө салуу боюнча иштерге катышат;
3) чек ара маселелери боюнча маалымат топтоону, сүйлөшүү процессине талдоо жүргүзүүнү жана өнүгүүнү болжолдоону жүзөгө ашырат;
4) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына чектеш мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берет;
5) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларынын жана чечимдеринин негизинде аларды чектеш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөргө андан ары пайдалануу максатында позицияларды иштеп чыгат;
6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эл аралык макулдашуулардан жана келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди мамлекеттик органдардын аткарышына Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
7) чектеш өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн Өкмөттүк делегациялардын эксперттик жана жумушчу топторунун ишин уюштурат жана координациялайт;
8) чектеш дарыялардын суу жана гидроэнергетикалык ресурстарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоого катышат;
9) Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиялардын жыйналыштарын даярдоого жана өткөрүүгө катышат;
10) атайын өкүлчүлүктүн компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырат.
4. Атайын өкүлчүлүктүн ыйгарым укуктары
8. Атайын өкүлчүлүк, атайын өкүлчүлүктүн жетекчилери жана кызматкерлери:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктарга ээ;
2) Министрлер Кабинетинин регламентине, Президенттин Администрациясынын регламентине жана Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентине ылайык атайын өкүлчүлүк компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте кайтарууга укуктуу;
3) атайын өкүлчүлүккө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
9. Атайын өкүл башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) чет мамлекеттердин мекемелеринде жана уюмдарында атайын өкүлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жетекчиликтин тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин атынан чыгат;
2) чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун ишин жетектейт.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
10. Атайын өкүлчүлүк төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана башка Мамлекеттик органдар менен;
2) Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен.