Загрузка документа…
|
| 11-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу маселелери боюнча конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) тескемелерин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Катчылыкка жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) сунушу боюнча Президент тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу жооптуу катчы жүзөгө ашырат.
Жооптуу катчы жок учурда анын ордун жооптуу катчынын тапшырмасы боюнча катчылыктын эксперттеринин бири ээлейт.
Катчылыктын эксперттери жооптуу катчынын сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
5. Комиссиянын жооптуу катчысы жана катчылыктын эксперттери жарандык маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген материалдар, ошондой эле Комиссия кабыл алган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартпайт.
2. Катчылыктын милдеттери
6. Катчылыктын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандык маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Президенттин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
2) жарандык маселелерин чечүү боюнча Президентке жүктөлгөн конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча Комиссиянын ишин маалыматтык-аналитикалык, документтик, укуктук жана уюштуруу-методикалык жактан камсыз кылуу.
3. Катчылыктын функциялары
7. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында катчылык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) жарандык маселелери боюнча Президенттин жарлыктарын өз убагында аткарууну контролдойт;
2) Президентке жарандык жаатындагы мамлекеттик саясатты жана жарандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле бул чөйрөдө келип чыккан проблемаларды чечүү боюнча сунуштарды даярдайт;
3) Комиссиянын иши жөнүндө баяндамалардын долбоорлорун жыл сайын даярдайт жана аларды Президенттин кароосуна берет;
4) Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары - ЖӨБО), мекемелерге жана уюмдарга жарандык маселелери боюнча консультацияларды берет жана жардам көрсөтөт;
5) Президентке, Комиссияга, Президенттин Администрациясына даректелген каттарды жана кайрылууларды карайт;
6) жарандык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн материалдарды даярдоого катышат;
7) Комиссиянын чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, калыбына келтирүү жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнгөн жарандардан чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана тиешелүү документтерди сурайт, тактайт (талаштуу жагдайлар болгон учурда);
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышат.
4. Катчылыктын ыйгарым укуктары
8. Катчылыктын, катчылыктын кызматкерлеринин Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктары, ошондой эле катчылыктын спецификасына жараша, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктары бар, анын ичинде:
1) катчылыкка жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынан, мамлекеттик органдардан, ЖӨБОдон, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон материалдарды жана маалыматты суроо жана алуу;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кайтарууга;
3) жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышуу;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;
5) катчылыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышуу.
9. Жооптуу катчы башка ыйгарым укуктары менен катар Комиссиянын жыйналыштарында каралуучу документтерди даярдоону камсыз кылат.
10. Катчылыктын эксперттери жалпы ыйгарым укуктары менен катар:
1) Комиссиянын жыйналыштарын уюштуруучулук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
2) Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды даярдоого катышат;
3) жооптуу катчы жок учурда анын ордун алмаштырат;
4) "Жарандык АМС - 2.0" автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
5) Комиссиянын жетекчилигине жана катчылыкка жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
11. Катчылык өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, ЖӨБО, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.