Загрузка документа…
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын соттору жана башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон, Кыргыз Республикасында жаза өтөп жаткан адамдарга ырайым кылуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) тескемелерин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерин), Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Министрлер Кабинетинин регламентин, Президенттин Администрациясынын регламентин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Катчылыктын кызматкерлери:
- мамлекеттик кызматчылар болуп саналат;
- чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү;
- Президенттин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо аныкталган компетенциянын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар менен болгон мамилелерде Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү болуп саналат.
4. Катчылыкка жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси) сунушу боюнча Президент тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу жооптуу катчы жүзөгө ашырат.
Жооптуу катчы жок учурда анын ордун жооптуу катчынын тапшырмасы боюнча катчылыктын эксперттеринин бири ээлейт.
Катчылыктын эксперттери жооптуу катчынын сунушу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
5. Жооптуу катчы жана катчылыктын эксперти мамлекеттик органдар тарабынан ырайым кылуу маселелери боюнча берилген материалдар, ошондой эле Комиссия кабыл алган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартпайт.
2. Катчылыктын милдеттери
6. Катчылыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ырайым кылуу маселелери боюнча Президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча Президенттин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
3) ырайым кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана жарандарга консультациялык жана башка жардам көрсөтүү;
4) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды алдын ала даярдоо.
3. Катчылыктын функциялары
7. Катчылык жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун алкагында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын курамын түзүү жана талапкерлерди тандоо боюнча ишти жүргүзөт;
2) Комиссиянын жыйналыштарын уюштурууну, Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды алдын ала даярдоону камсыз кылат;
3) ырайым кылуу же өтүнүчтөрдү четке кагуу жөнүндө, Комиссиянын курамы тууралуу Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун даярдайт;
4) Президенттин ырайым кылуу жана өтүнүчтөрдү четке кагуу жөнүндө жарлыктарынын өз убагында аткарылышына контролду жүргүзөт;
5) жарандардын, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин ырайым кылуу маселелери боюнча каттарын, өтүнүчтөрүн жана арыздарын карайт, келип түшкөн кайрылууларга жоопторду даярдайт;
6) Комиссиянын ишин регламенттеген мыйзамдардын долбоорлорун жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат.
4. Катчылыктын ыйгарым укуктары
8. Катчылыктын, катчылыктын кызматкерлеринин Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жалпы милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жободо каралган жалпы ыйгарым укуктары, ошондой эле катчылыктын спецификасына жараша, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктары бар, анын ичинде:
- катчылык Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга, жарандарга белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген ырайым кылуу жөнүндө материалдарды толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарууга же ырайым кылуу боюнча материалдары каралып жаткан соттолгон адам бошотулган же каза болгон учурда кароосуз кайтарууга укуктуу.
9. Жооптуу катчы башка ыйгарым укуктары менен катар:
1) катчылыктын ишин пландайт жана уюштурат;
2) Комиссиянын катчылыгын Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мамлекеттик органдар, мекемелер менен ырайым кылуу маселелери боюнча байланышын жүзөгө ашырат;
3) Комиссиянын катчылыгында эмгек тартибин жана иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) Президенттин, Президенттин Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана ырайым кылуу маселелери боюнча башка документтерди иштеп чыгат, ошондой эле Комиссиянын ишин регламенттөөчү мыйзамдардын долбоорлорун жана ченемдик актыларды иштеп чыгууга катышат;
5) Комиссиянын жыйналыштарын уюштурууну камсыз кылат;
6) Комиссиянын өткөрүлгөн жыйналыштарынын жыйынтыктары жөнүндө алар боюнча өзгөчө пикир берүү укугу менен Президентке баяндап берет;
7) Комиссиянын курамын түзүү жана талапкерлерди тандоо боюнча ишти жүргүзөт;
8) Комиссиянын катчылыгынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
9) катчылыктын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10. Эксперт жалпы ыйгарым укуктары менен катар:
1) Комиссиянын өткөрүлүүчү жыйналыштарын уюштуруучулук жактан камсыз кылууга катышат;
2) Комиссия өткөрүүчү жыйналыштарга материалдарды алдын ала даярдоого катышат;
3) ырайым кылуу же өтүнүчтөрдү четке кагуу жөнүндө Президенттин жарлыктарынын долбоорлорун, ырайым кылуу маселелери боюнча башка документтерди даярдоого катышат;
4) катчылыктын иши жөнүндө отчетторду, маалымкаттарды жана ырайым кылуу боюнча статистикалык маалыматтарды түзөт;
5) ырайым кылуу маселелери боюнча электрондук маалыматтар базасын жүргүзүүнү контролдойт;
6) жооптуу катчы тарабынан ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11. Президенттин дарегине келип түшкөн ырайым кылуу жөнүндө материалдарды тариздөөдө аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү боюнча Комиссиянын катчылыгынын көрсөтмөлөрү компетенциясына ырайым кылуу жөнүндө материалдарды түзүү жана тариздөө кирген түзүмдүк бөлүмдөр жана тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
5. Кураторлук жана кызматтык өз ара аракеттенүү
12. Катчылык өзүнүн ишин Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.