Загрузка документа…
|
| 14-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 116 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы (мындан ары - басма сөз-катчы) белгиленген компетенциясынын чегинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) кызмат адамы болуп саналат.
2. Басма сөз-катчы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Президенттин Администрациясы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Басма сөз катчы Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
2. Басма сөз-катчынын ыйгарым укуктары
4.Басма сөз-катчы төмөнкүдөй негизги ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен иштөөдө Президент тарабынан ага берилген өкүлчүлүк функцияларын аткарат;
2) Кыргыз Республикасынын маалыматтык саясатын жана Президенттин басма ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды координациялайт жана даярдайт;
3) белгиленген тартипте мамлекеттик ЖМКлардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
4) Президент жүргүзүп жаткан ички жана тышкы саясатты түшүндүрөт, анын ишин ЖМКда чагылдырууну камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын ЖМК аркылуу маалымдоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий турмушунун маанилүү маселелери жана аларды чечүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча Президенттин позициясын түшүндүрүү боюнча ишти уюштурат;
6) Президенттин басма сөз-катчынын карамагына кирген актыларынын жана тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат жана ишти координациялайт;
7) Президенттин, Президенттин Администрациясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин ар кандай маселелери боюнча толук жана объективдүү маалымат алууда ЖМКга көмөк көрсөтөт;
8) Президенттин ЖМК өкүлдөрү менен пресс-конференцияларын, брифингдерин, интервьюларын жана башка жолугушууларын уюштурат жана өткөрөт;
9) Президенттин ишине байланыштуу пресс-релиздерди, маалымдама материалдарды, башка маалыматты, ошондой эле видео, фото жана аудиоматериалдарды даярдайт жана ЖМКда таркатат;
10) Президенттин ишинин бардык багыттарын ар тараптуу түшүндүрүү жана калктын калың катмарына жеткирүү максатында басма ишин камсыз кылат;
11) Президенттин катышуусу менен иш-чараларды келечектүү жана ыкчам пландаштырууга катышат;
12) Президенттин жумушчу сапарларын, жолугушууларын, ошондой эле анын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чаралардын маалыматтык камсыздоосун уюштурат;
13) Президенттин иши тууралуу маалыматты ЖМК аркылуу коомчулукка жеткирет;
14) коомдук пикирди изилдөө боюнча ЖМКда жарыяланып чыккан материалдарга системалуу талдоо жүргүзөт;
15) ЖМКны жана коомчулукту тартуу менен Президенттин иши жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурат жана жүргүзөт;
16) Президенттин иши жөнүндө коомдук позитивдүү пикирди калыптандыруу боюнча маалыматтык ишти жүргүзөт;
17) коомчулук менен байланышты түзөт жана колдоп турат, Президент жүргүзүп жаткан саясатты жана ал кабыл алган чечимдерди калкка түшүндүрүү жана жеткирүү максатында элдин катышуусу менен иш-чараларды жана акцияларды өткөрөт;
18) Президент үчүн ЖМКдагы жарыялоолордун жана билдирүүлөрдүн серебин, ошондой эле маалымкаттарды жана аналитикалык материалдарды даярдайт;
19) Президенттин ишин чагылдыруу боюнча ЖМКнын ишин координациялайт;
20) басма сөз-катчынын компетенциясына кирген маселелер боюнча өткөрүлүүчү жыйналыштарга, кеңешмелерге, конференцияларга жана башка иш-чараларга катышат.
5. Басма сөз-катчы өз ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан зарыл, анын ичинде жашыруун маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берүүгө;
3) Президенттин тиешелүү актыларын жана тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына белгиленген тартипте тапшырмаларды берүүгө;
4) Президенттин катышуусу менен болгон жолугушууларды, кеңешмелерди, сапарларды жана башка иш-чараларды ЖМКда жана социалдык тармактарда чагылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн катышууга.
3. Басма сөз-катчынын ишин камсыздоо
6. Басма сөз-катчынын ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоону Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, башка мамлекеттик мекемелер өздөрүнүн компетенциясынын чегинде ишке ашырат.