Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-апрели № 160-т
Инновациялык билим берүү уюмдарын жана программаларын түзүүнү колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжге (мындан ары - Колледж) Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 161а дареги боюнча жайгашкан (идентификациялык номери 1-02-01-0002-0281-01), К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансында турган жалпы аянты 2134,6 кв.м имарат жалпы аянты 0,2 га жанаша жайгашкан аймагы менен (идентификациялык номери 1-02-01-0002-0281) билим берүү максатында акысыз негизде пайдалануу укугунда акысыз пайдалануу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып 15 жылдык мөөнөткө төмөнкүдөй шартта берилсин:
- аны күтүү боюнча бардык коммуналдык кызматтарды жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө;
- Колледждин каражаттарынын эсебинен имараттын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү;
- К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети үчүн эки жылдын ичинде билим берүү максатында 30000 (отуз миң) АКШ доллары суммасында оңдоо-курулуш иштерин Колледждин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу.
2. Колледжге ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аймакта архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өткөрүп берилген имаратты жеке каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого, жанаша жайгашкан участокту көрктөндүрүүгө, билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон имараттарды жана курулмаларды курууга өз алдынча укук берилсин.
3. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети:
- Борбордук Азиядагы Америка университети менен 2017-жылдын 20-июлундагы № 40 Мамлекеттик мүлктү акысыз пайдалануу жөнүндө келишимди бузсун;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен биргеликте белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн имаратты жана жанаша жайгашкан аймакты билим берүү максатында пайдалануу үчүн Колледжге өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;
- Колледж менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү имаратты жана ага жанаша жайгашкан аймакты акысыз пайдалануу келишимин түзсүн.
4. Колледж өткөрүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.
5. Ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн Колледж тарабынан өз алдынча курулган имараттар, курулмалар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте акысыз пайдалануу мөөнөтү өткөндөн кийин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берилет.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 85-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |