Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 139-т
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1990-жылдын 18-декабрындагы 45/158 резолюциясы менен кабыл алынган Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагындагы Универсалдуу мезгилдүү сереп үчүн сунушталган Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ишке ашыруу боюнча расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Улуттук баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине жиберсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |