Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 22-марты № 115-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 517-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 7, 8-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |