Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 2-майы № 219
Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын системасында тергөө аппаратынын түзүлгөнүнүн 60 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыш жарыялансын:
Жумабаев Азамат Аскаровичке | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги; |
Мавлянов Алоберди Патийдиновичке | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын тергөө ишмердигин талдоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору; |
Патанов Акылбек Кочкорбаевичке | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын тергөө кызматынын башчысы, милициянын полковниги; |
Жукенов Улан Койчуевичке | - | Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги; |
Кабылбеков Кумар Догдурбаевичке | - | Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын башчысы. милициянын полковниги; |
Калыков Канатбек Ишенбековичке | - | Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги. |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |