Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы N 489-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-майы № 232-т
2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору – “Кыргыз Республикасынын эл аралык жол ташуучулар ассоциациясы “КР ЭАЖТА” юридикалык жактардын бирикмесине Кыргыз Республикасынын контролдоочу органдары жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу операторлору (органдары) менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасы тарабынан Ыйгарым укуктуу оператор аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |