Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 17-майы № 252-т
Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркыт токой чарбасынын айланасындагы чыр-чатактуу кырдаалды кароо жана чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркыт токой чарбасынын айланасындагы чыр-чатактуу кырдаалды кароо жана чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркыт жана Кызыл-Туу айылдарынын жашоочуларынын проблемаларын жерине барып изилдесин;
- бир айлык мөөнөттө Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркыт токой чарбасынын айланасындагы чыр-чатактуу кырдаалды жана проблемаларды чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды Кыргыз Республикасыныи Министрлер Кабинетине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди суроого укук берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Аркыт токой чарбасынын айланасындагы чыр-чатактуу кырдаалды кароо жана чечүү боюпча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Касейинов Кубат Усенкулович | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Ибраев Эмильбек Бекбоевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине карашттуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| ||
Текебаев Тимур Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директорунун орун басары; |
Изабеков Тойчубек Карабекович | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, божомолдоо департаментинин экзогендик процесстерди иликтөө бөлүмүнүн начальниги; |
Асанбаев Нургазы Акушович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин салыктык эмес кирешелерди талдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Осмонов Азат Дуйшеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин болүм башчысы; |
Ашырбеков Женишбек Абжалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын флораны жана фаунаны инвентаризациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мусаканов Нурланбек Бегетович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору; |
Жолдошов Чынарбек Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; |
Рахманов Абдыкахар Нуруевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Сыдыков Замирбек Бейшенович | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
Абдыразакова Людмила Пусурманкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын региондук өкүлчүлүгүнүн башкы адиси. |