Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-марты, № 109-т
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүнүн эл аралык фондунун ортосунда "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорун каржылоо боюнча Адаптациялык фонддун гранттык каражаттарынан кошумча каржылоо бөлүгүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүнүн эл аралык фондунун ортосунда "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорун каржылоо боюнча Адаптациялык фонддун гранттык каражаттарынан кошумча каржылоо бөлүгүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнуктүрүүнүн аралык фондунун ортосунда "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорун каржылоо боюнча Адаптациялык фонддун гранттык каражаттарынан кошумча каржылоо бөлүгүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын
курамы
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, расмий делегациянын башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигининн орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары.