Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 21-февралы, № 66-т
2023-жылдын 13-январында аномалдуу сууктан жабыр тарткан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын калкынын социалдык аялуу катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9, 18-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:
1) Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын калкынын социалдык аялуу катмарына гуманитардык жардам түрүндө төмөнкүлөрдү бөлсүн:
- 20 250 (жыйырма миң эки жуз элүү) килограмм биринчи сорттогу ун "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коомунан, Ош облусунун Кара-Суу шаары;
- 8 100 (сегиз миң бир жүз) килограмм кумшекер "Азрат Айыб" ачык акционердик коомунан, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;
- 4 050 (төрт миң элүү) литр өсүмдүк майы "Азрат Айыб" ачык акционердик коомунан, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;
2) Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларынан Майлуу-Суу шаарына биринчи сорттогу ун, кумшекер жана өсүмдүк майы түрүндөгү гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштурсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз. Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын калкынын социалдык аялуу катмарына гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнү уюштурсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |