Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-апрели № 161-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т жана 2022-жылдын 16-майындагы № 248-т тескемелеринин негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн алган республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жана республиканын айрым райондорундагы, атап айтканда кайрак жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн олуттуу жетишсиз жыйналуусуна алып келген жагымсыз аба ырайынын (үшүк, нөшөрлүү жамгыр, сел, мөндүр, кургакчылык) кесепетинен жабыр тарткандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн актылардын негизинде 2022-жылдын вегетация мезгилинде жабыр тарткан чарбалык субъекттердин тизмесин аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
1) жабыр тарткан субъекттердин жалпы тизмесин түзсүн жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө маселени макулдашууну камсыз кылсын.
3. "Айыл Банк" ачык акционердик коому:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан берилген 2022-жылы жабыр тарткан чарбалык субъекттердин тизмесинин негизинде бюджеттик кредиттер боюнча алар тарабынан төлөнбөгөн карыздын суммасын аныктасын;
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү түрүндө алынган товардык кредиттер үчүн каражаттарды кайтаруу мөөнөтүн финансылык санкцияларды колдонбостон 2024-жылдын 15-ноябрына чейин узартсын.
4. Ушул тескеме Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине ылайык бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө маселени макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Ушул тескеменин 3-пунктунун 2-пунктчасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө оң корутундусу алынган күндөн тартып күчүнө кирет деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |