Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

2023-жылдын 30-майы № 297-т

2011-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрү тарабынан кол коюлган "CASA-1000" электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия - Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (CASAREM) андан ары өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "CASA-1000" долбоору боюнча даярдоо иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топтун жетекчисине, ал эми ал жок учурда жумушчу топтун жетекчисинин орун басарына Афганистан Ислам Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын окшош жумушчу топтору менен биргелешкен мамлекеттер аралык кеңешмелердин натыйжалары боюнча чечимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, энергетика компанияларынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

Тиркеме

"CASA-1000" долбоору боюнча даярдоо иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

Толубаев Таалайбек Матмусаевич

-

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Абдылдабеков Нурбек Абдылдабекович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун тышкы байланыштар жана долбоорлорду башкаруу департаментинин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Абакиров Нурлан Союзбекович

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директорунун финансылык маселелер боюнча орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Тюменбаев Акылбек Рабаевич

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу тобунун начальниги, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

жумушчу топтун мүчөлөрү:

Суюмбаева Кумюшай Ахматбековна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин суу жана экологиялык дипломатия бөлүмүнүн кеңешчиси;

Арипов Нурлан Кокташевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин экспортту илгерилетүү, туризм жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Докбаев Чынгыз Бекмаматович

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тышкы байланыштар жана долбоорлорду илгерилетүү башкармалыгынын начальниги;

Султанова Жибек Маратовна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Мааткалымов Кубанычбек Асанбекович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу тобунун экономисти (макулдашуу боюнча);

Оконов Самат Мелисбекович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу тобунун инженер-энергетиги (макулдашуу боюнча);

Джумалиев Кайрат Насерович

-

"СASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Усеков Нурдин Насрединович

-

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).