Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 322-т тескемесине) |
Ысык-Көл облусунун туристтик сезонуна карата рекреациялык объекттердин даярдык паспортторун берүү тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо туристтик сезонго карата рекреациялык объекттердин даярдык паспортун берүү жана чакыртып алуу тартибин жөнгө салат.
2. Максаты болуп биосфералык зонанын булганышын болтурбоо жана Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо, анын жанындагы аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, курорттук-рекреациялык жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө шарттарды түзүү жана контролдоону камсыз кылуу, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү калкынын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо саналат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
рекреациялык объекттер - "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөрү жана менчигинин түрүнө жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашоо, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү башка объекттер;
даярдык актысы - объекттин белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоочу документ;
даярдык паспорту - объекттин туристтик сезондо иштөөгө даярдыгын ырастаган жыл сайын берилүүчү документ.
2. Даярдык паспортторун берүү үчүн негиздер
4. Курорттук-рекреациялык зонанын аймагында төмөнкүлөрдү камсыз кылуу даярдык паспортторун берүү үчүн негиз болуп саналат:
- белгиленген талаптарга ылайык инженердик коммуникациялардын, курулмалардын (суу алуучу жай, суу өткөргүч, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) технологиялык иштөөсүн;
- рекреациялык объекттин аймагынын, пляждык зонанын тазалыгын, таштандыларды чогултууну, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга жана жайгаштырууга коммуналдык чарбалар менен келишимдердин милдеттүү түрдө болушун;
- рекреациялык объекттер, куткаруу кызматтары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эс алуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо чараларын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагынын чегинде жашаган жергиликтүү тургундардын рекреациялык объекттердин пляждык зонасына тоскоолдуксуз кирүүсүн.
Рекреациялык объекттердин даярдык паспортторунун формасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Даярдык паспорту акысыз негизде, бир жылдык жарактуулук мөөнөтү менен берилет.
3. Даярдык паспортторун берүү жана чакыртып алуу тартиби
5. Рекреациялык объект иштөөгө даярдык паспортун берүү жөнүндө арыз менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына кайрылат.
6. Даярдык паспортун берүү жөнүндө арыз белгиленген тартипте катталууга тийиш.
Арызды кароонун жалпы мөөнөтү жети жумуш күндөн ашпоого тийиш.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэриялары айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга рекреациялык объекттин экологиялык талаптарга ылайык келиши жөнүндө суроо-талапты жөнөтөт.
8. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талапты белгиленген тартипте карап чыгып, рекреациялык объекттин талаптарга ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө даярдык актысын түзөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына кароого жиберет.
Рекреациялык объекттин даярдык актысынын формасы айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэриялары туристтик сезонго даярдык жөнүндө келип түшкөн актыларды кароонун жыйынтыгы боюнча рекреациялык объекттерди эксплуатациялоого даярдык паспортторун берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана Берилген паспорттордун реестрине киргизет же баш тартуунун негиздүү себептерин көрсөтүү менен даярдык паспортун берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кабыл алынган чечим жөнүндө арыз менен кайрылган рекреациялык объектке кабарланат.
Баш тартууга себеп болгон кемчиликтерди жойгон учурда рекреациялык объект даярдык паспортун берүү жөнүндө арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.
10. Айлана-чөйрөгө, жарандардын өмүрүнүн коопсуздугуна жана ден соолугуна зыян келтирген, ошого тете ушундай зыян келтирүү коркунучуна алып келген рекреациялык объект тарабынан мыйзамдардын талаптары сакталбаган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Каракол жана Балыкчы шаарларынын мэриялары рекреациялык объекттердин даярдык паспортторун чакыртып алат.
11. Даярдык паспортун чакыртып алууда чакыртып алуу үчүн негиз болуп саналган себептер жоюлганга чейин рекреациялык объекттин иштөөсү токтотулуп турат.