Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2023-жылдын 30-майы № 287-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйыр салыктарды салыктык башкарууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосундагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдө маалымат алмашуу тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |