Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-июну № 341-р
Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевттик комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу боюнча “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевттик заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк “BIOPHARMAX BV” компаниясынын ортосундагы “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. “Бишкек” эркин экономикалык аймагына “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн аянты 7 га жер участогун чет өлкөлүк “BIOPHARMAX BV” компаниясына берүү сунушталсын.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк “BIOPHARMAX BV” компаниясынын ортосундагы “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуу
Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевттик комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу боюнча “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевттик заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ушул Инвестициялык макулдашуу (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) 2023-жылдын “____” ___________ Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында мындан ары өз-өзүнчө “Тарап” жана биргелешип “Тараптар” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) атынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри менен “BIOPHARMAX GROUP LTD” чет өлкөлүк компаниясынын башкы директору Сарел Хен Тов тарабынан көрсөтүлгөн юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 303, ИСН 01702202310183 “Биофармакс АВА” ЖЧК адистештирилген жергиликтүү туунду компаниясы бар, Мальта Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулган жана иштеген, ишеним каттын негизинде аракеттенген юридикалык жактын – юридикалык дареги: Merchants Street 5/2 Valleta VLT 1171, Malta “BIOPHARMAX BV” чет өлкөлүк компаниясынын (мындан ары – Инвестор) ортосунда түзүлдү.
“Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорунун маанилүүлүгүн жана приоритеттүүлүгүн таанып, төмөнкүнү эске алуу менен:
Кыргыз Республикасынын инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдары инвестицияларды өнүктүрүү жана инвестицияларга дем берүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталгандыгын;
Министрлер Кабинетинин жана Инвестордун ар бир кол коюучу өкүлү ушул Инвестициялык макулдашууга кол коюуга зарыл болгон мыйзамдуу ыйгарым укуктарга ээ экендигин ырастайт, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинетинин атынан ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга укуктар жана ыйгарым укуктар берилгендиин ырастайт жана кепилдик берет;
Министрлер Кабинети жана Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашырууда алардын өз ара укуктарын жана милдеттерин жөнгө салары жөнүндө макулдашты.
Министрлер Кабинети жана Инвестор төмөнкүлөр жөнүндө ушул Инвестициялык макулдашууну түздү:
1. Терминдер жана аныктамалар
1.1. Ушул Инвестициялык макулдашууда (анын ичинде преамбуласы) колдонулган, баш тамга менен жазылган жана анда башкача аныкталбаган терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, республикалык бюджеттен каржылануучу, милдеттүү түрдө аткарылууууга тийиш болгон чечимди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу орган;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;
күчүнө кирүү датасы – 14-беренеде аныкталган;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары;
инвестициялык макулдашуу – өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен ушул Инвестициялык макулдашуу, анын ичинде бардык тиркемелери;
инвестициялык долбоор – ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу объекттерди практикалык ишке ашырууну жана инвестицияларды белгилүү бир мезгилде өздөштүрүүнү караган иш-чаралардын жана документтердин комплекси;
инвестор – түз инвестициялар формасында өздүк, зайымдык же тартылган каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти;
тарап – ушул Инвестициялык макулдашуунун тараптарынын ар бири;
тараптар – ушул Инвестициялык макулдашуунун эки тарабы;
расмий уруксат – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кандай болбосун уруксаты, лицензиясы, сертификаты, каттоосу, күбөлүгү жана башка кандай болбосун жактыруусу же макулдашуусу;
коромжулар жана чыгымдар – жеке жана юридикалык жактарда пайда болгон ар кандай коромжулар, чыгымдар, зыяндар, жоопкерчиликтер, милдеттенмелер, чыгашалар (анын ичинде пайыздар, айыптар, юридикалык кызматтар үчүн гонорарлар жана чыгымдар), соттошуулар, доолор, дооматтар, чегерүүлөр, айыптар же чыгашалар;
жумуш күн – Кыргыз Республикасында банктардын иштөөсү үчүн ачык болгон бардык расмий күн;
кабарлоо – 15-беренеде аныкталган;
алынбай калган пайда – менчик ээси же жерди пайдалануучу кадимки жарандык жүгүртүүнүн адаттагы шарттарында алууга мүмкүн болгон алынбай калган кирешелер;
форс-мажор (ал жеткис күч) – милдеттенмени талаптагыдай аткарууга мүмкүндүк бербеген өзгөчө жана конкреттүү кырдаал шарттарында алдын алууга болбой турган жагдайлар;
юридикалык жак – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү түрдө түзүлгөн кандай болбосун компания, корпорация, коом, акционердик коом, шериктештик, ишкана, биргелешкен ишкана, инкорпорацияланбаган биргелешкен ишкана, бирикме, трасттык фонд же башка кандай болбосун уюм.
1.2. Интерпретациялоо
1.2.1. ушул Инвестициялык макулдашууну пункттарга жана башка бөлүктөргө бөлүү, ошондой эле аталыштарды киргизүү ыңгайлуулук үчүн гана жүргүзүлдү жана анын чечмеленишине таасирин тийгизбөөгө тийиш;
1.2.2. эгерде башкача көрсөтүлбөсө, анда пункттарга бардык шилтемелер же өзүнөн кийин номер коюлуучу тиркеме ушул Инвестициялык макулдашуунун көрсөтүлгөн пунктуна же тиркемесине тиешелүү болот;
1.2.3. “ушул Инвестициялык макулдашуу” термини жана ушул сыяктуу туюнтмалар ушул Инвестициялык макулдашуунун кандайдыр бир белгилүү пунктуна, тиркемесине же бөлүгүнө гана эмес, ушул Инвестициялык макулдашууга тиешелүү болот.
1.3. Чечмелөө
1.3.1 эгерде башкача конкреттүү көрсөтүлбөсө же контекст талап кылбаса, анда жекелик санды билдирген сөздөр көптүк маанини да камтыйт же тескерисинче, “анын ичинде” деген сөз “анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен” деген мааниге ээ деп эсептелепт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билдирүүлөрү жана кепилдиктери
2.1. Министрлер Кабинети Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген датага карата төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
2.1.1 Министрлер Кабинети ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана жүзөгө ашырууга, ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга ыйгарым укуктуу жана мындай иш-аракеттердин бардыгы талаптагыдай түрдө алар тарабынан бардык зарыл жол-жоболор менен санкцияланат (санкциялоо – алдын ала контролдоо жол-жобосу, ал эми документтик текшерүү – кийинки контроль);
2.1.2 бул Инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдуу негиздерде түзүлдү, ал үчүн мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан милдеттүү милдеттенме болуп саналат, анын шарттарына ылайык ал аткарууга алынышы мүмкүн.
3. Инвестордун билдирүүлөрү жана кепилдиктери
3.1. Күчүнө кирген датага карата Инвестор өзүнө тиешелүү төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
3.1.1 Инвестор талаптагыдай түрдө түзүлгөн, мыйзамдуу негизде иштейт жана анын мекемесинин юрисдикциясынын мыйзамдарына ылайык коюлган бардык талаптарга шайкеш келет, Инвестор азыркы учурда жүргүзүп жаткан жана андан ары жүргүзүүнү болжолдогон чарбалык ишти жүзөгө ашырууга мыйзамдуу ыйгарым укуктарга ээ экендигин;
3.1.2 Инвесторго ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга жана өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык күбөлөндүрүлгөн бардык ырастоочу документтерди берүү менен бардык керектүү жол-жоболорго ылайык өзү тарабынан талаптагыдай түрдө макулдашылган бардык иш-аракеттерди жасоого ыйгарым укуктар берилгендигин;
3.1.3 ушул Инвестициялык макулдашууну түзүү жана аткаруу Инвесторду уюштуруу шарттарына же уюштуруу документтерине же Инвестор катышуучу болуп саналган же байланышкан же Инвестордун өзү же анын кандай болбосун активдери катышкан каалагандай макулдашууга, токтомго же тескемеге ылайык коллизияны жаратпайт, олуттуу бузууга же олуттуу аткарбоого же болбосо аткаруу мөөнөтүн кыскартууга алып келбейт;
3.1.4 бул Инвестициялык макулдашуу Инвестор тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдуу негизде түзүлөт жана анын шарттарына ылайык аткарууга алып келиши мүмкүн болгон ал үчүн мыйзамдуу, жарактуу жана юридикалык жактан милдеттүү милдеттенмени түзөт;
3.1.5 Инвесторго карата эч кандай дооматтар коюлган эмес, эч кандай сот иши козголгон эмес, эч кандай соттук териштирүүлөр же тергөө иштери жүргүзүлбөйт жана эч кандай сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан ага каршы анын чарбалык ишине, активдерине, финансылык же башка абалына өзүнчө же жалпы кандайдыр бир олуттуу жагымсыз таасирин тийгизиши же анын ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн начарлатышы мүмкүн болгон мындай аракеттерди жасоо коркунучтары жок. Инвесторго кайсы болбосун сот, арбитраж же кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан мындай олуттуу жагымсыз кесепеттерге жана алсызданууга алып келиши мүмкүн болгон кандай болбосун тескемелер, токтомдор, буйруктар же тыюу салуулар боюнча бир дагы бузулуулар же аткарылбай калуулар белгисиз;
3.1.6 Инвестор өз өлкөсүнүн же кандай болбосун башка мамлекеттин ага карата колдонулуучу бардык мыйзамдарын сактаган, буга байланыштуу ага карата эч кандай айыптар, санкциялар, соттук тыюу салуулар колдонулган эмес жана ага каршы кылмыш жоопкерчилиги козголгон эмес, бул жалпысынан анын чарбалык ишине, финансылык абалына же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизген же тийгизиши мүмкүн;
3.1.7 ушул Инвестициялык макулдашууга киргизилген Инвестордун билдирүүлөрүнүн же ынандырууларында биринде да олуттуу фактылар жөнүндө (ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата Инвесторго белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон) эч кандай жалган ырастамалар камтылбайт жана мындай билдирүүлөр жана ынандыруулар, алар жасалган жана берилген жагдайларды эске алуу менен адаштырбоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кандайдыр бир олуттуу фактыларды (ушул Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн датага карата Инвесторго белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон) өткөрүп жибербейт. Инвестор кандай болбосун финансылык жана башка милдеттенмелер боюнча кайсы болбосун мамлекеттин ишенимдүү эмес (ак ниетсиз) жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына киргизилбөөгө тийиш;
3.1.8 Инвестор бардык ресурстарды Инвестициялык макулдашуунун 6.2.3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн ишке салат.
1. Инвестициялык макулдашуунун предмети
4.1. Ушул Инвестициялык макулдашуунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулинди, башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашырууга, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевтикалык заводду куруу аяктаганга жана пайдаланууга киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга багытталган зарыл иш-чараларды жана милдеттерди аткаруу үчүн Тараптардын өз ара мамилелери саналат (мындан ары – Инвестициялык долбоор).
4.2. Ушул Инвестициялык макулдашуу Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселелеринде Тараптардын өз ара аракеттенүү жана кызматташуу тартибин аныктаган негиз болуучу документ болуп саналат. Бул Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда андан ары долбоордун деталдуу спецификациялары (Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулинди, башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевтикалык заводду куруу аяктаганга жана пайдаланууга киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүү боюнча (сатууга байланышпаган) иш-чараларды жүзөгө ашыруу) ушул Инвестициялык макулдашуунун Тараптары тарабынан кошумча макулдашуулар түрүндө макулдашылат, алар ушул Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4.3. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш объектин (Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулинди, башка дары препараттарын өндүрүү боюнча завод, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплекс, лабораториялар, окутуу борбору) Министрлер Кабинетине өткөрүп берүү маселеси Тараптар тарабынан ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.2-пунктуна ылайык кошумча макулдашуу түрүндө талкууланат.
5. Тараптардын укуктары
5.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:
5.1.1 Инвестициялык макулдашууну түзүүнүн жана бузуунун шарттарын, тартибин аныктоого, Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана каттоодон өткөрүүгө;
5.1.2 Инвестордон ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестордун милдеттенмелеринин аткарылгандыгын ырастаган маалыматты жана документтерди, ошондой эле Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тиешеси бар маалыматты белгиленген мөөнөттө сурап алууга;
5.1.3 Инвестициялык макулдашууну жана Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө;
5.1.4 Инвестор менен макулдашуу боюнча жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана өлчөмүн бекитүүгө;
5.1.5 эгерде мурда кабыл алынган өндүрүштүк күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу, мелиорация, химизация схемаларын, программаларын жана башка чечимдерди жүзөгө ашыруу айлана-чөйрөнүн абалынын начарлашына алып келсе, аларды ишке ашырууну токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
5.1.6 жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын, тазалоочу курулмалардын жана башка жаратылышты коргоочу түзүлүштөрдүн, аларды контролдоо каражаттарынын иштешин текшерүүгө;
5.1.7 ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
5.1.8 Министрлер Кабинетинин форс-мажордук жагдайларды таануусун кошпогондо, ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестор милдеттенмелерин жарым-жартылай же толук аткарбаган учурда Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн “Бишкек” эркин экономикалык зонасындагы (Ак-Чий айылы, Чүй облусу) мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда бөлүнгөн жер участогун берүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга;
5.1.9 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5.2. Инвестор төмөнкүлөргө укуктуу:
5.2.1 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Инвестициялык макулдашуунун жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген аракеттерди көрүүгө;
5.2.2 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн башкы жергиликтүү жана чет өлкөлүк подрядчыларды, анын ичинде долбоорлоо компаниясын, башкы подрядчыны, субподрядчиктерди, Инвестициялык долбоордо каралган объекттерди куруу аларды оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана өркүндөтүү үчүн башка компанияларды тандоого, ошондой эле тиешелүү квалификациясы болгон учурда товарларды жеткирүүчүлөрдү тандоого;
5.2.3 ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестор тарабынан берилүүчү Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун алкагында иштердин бөлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар мындай субподрядчиктердин бардыгы өзүнө берилген иштин көлөмүн аткарууга тиешелүү Расмий уруксаты жана квалификациясы болгон шартта, Инвестор өз каалоосу боюнча тандап алган бир же андан көп субподрядчиктерге өткөрүп берүүгө. Мындай өткөрүп берүүгө карабастан, Инвестор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында өткөрүп берген иштери үчүн толук жоопкерчилик тартат;
5.2.4 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден жана преференциялардан толук пайдаланууга;
5.2.5 ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
5.2.6 ушул Инвестициялык макулдашууну аткарууга байланышкан түшүндүрмөлөр жана Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүдө колдоо алуу үчүн Министрлер Кабинетине кайрылууга;
5.2.7 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү, кредиттик жана финансылык уюмдарды өз алдынча аныктоого;
5.2.8 Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик колдоо жана кепилдиктерди алууга;
5.2.9 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн квоталардын чегинде кесиптердин тизмеги жана саны боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга;
5.2.10 жер участогун кошпогондо, ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык жана/же Инвестициялык долбоордун алкагында берилген кандай болбосун укуктарды берүүгө жана/же корпоративдик максаттарда, анын ичинде базалык долбоор үчүн каржылоо тартуу максатында мындай укуктарга карата күрөө түзүүгө же чектөөгө;
5.2.11 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун максаттарда өз инвестицияларына жана алардан алынган кирешелерге жана пайдаларга эркин жана өзүнүн кароосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө.
6. Тараптардын милдеттери
6.1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди алат:
6.1.1 “Бишкек” эркин экономикалык зонасы (мындан ары – “Бишкек” ЭЭЗ) менен Инвестордун ортосундагы келишимге ылайык шарттарда өндүрүш ишке киргизилген учурга чейин “Бишкек” ЭЭЗ субъекти катары иш жүргүзүү шарттарына ылайык, анын ичинен Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү өндүрүштүк тажрыйбасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулинди жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу, ошондой эле инсулинди жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевтикалык заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында өндүрүштүк пайдалануу, Инвестициялык долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу үчүн ижара келишиминин шарттарында “Бишкек” ЭЭЗ аймагында (Ак-Чий айылы, Чүй облусу) 7 гектар өлчөмдөгү жер участогун Инвесторго мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүү;
6.1.2 өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын финансы институттарына жеңилдетилген кредит берүү аркылуу Инвестициялык долбоорду кошо каржылоого катышуу жөнүндө сунуштарды берүү;
6.1.3 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүлгөн продукцияны (дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды) мамлекеттик сатып алууда преференцияларды белгилөө жана ата мекендик өндүрүштү колдоо, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашууга кол коюлган учурдан тартып башталган, объект пайдаланууга берилген датадан тартып 10 жыл өткөнгө чейинки мөөнөткө жеңилдетилген шарттарды берүү;
6.1.4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 “Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө” токтомунун, ошондой эле Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 “Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуусу жөнүндө” чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасынын талаптарына ылайык келген шартында ташып киргизүүдөгү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндө тарифтик преференцияларды алуу үчүн инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүү;
6.1.5 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” Жарлыгына ылайык Инвестициялык долбоорго Улуттук инвестициялык долбоор статусун ыйгарууга кепилдик берүү;
6.1.6 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон Расмий уруксаттарды мамлекеттик органдар тарабынан талаптагыдай жана өз убагында берүү жана узартуу;
6.1.7 Инвесторго Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүү;
6.1.8 Инвестор тарабынан өндүрүлгөн жана импорттолуучу продукцияны дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболордон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
6.1.9 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Инвестор тарабынан өндүрүлгөн жана импорттолуучу продукцияны сертификациялоого жана стандартташтырууга көмөк көрсөтүү;
6.1.10 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Инвестициялык макулдашуунун талаптарын сактоо;
6.1.11 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестордон алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;
6.1.12 долбоорлорду түзүү максатында тиешелүү профилдик мамлекеттик органдардан статистикага жана аналитикага тиешелүү бардык зарыл болгон маалыматтарды алууну камсыз кылуу.
6.2. Инвестор өзүнө төмөнкүдөй милдеттенмелерди алат:
6.2.1 Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу, ошондой эле инсулинди жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевтикалык заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, анын ичинен ушул Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун бекитилген графигине ылайык Инвестициялык долбоорду этабы менен ишке ашыруу;
6.2.2 Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында 10 000 000 (он миллион) АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө инвестициялоо;
6.2.3 Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү өндүрүштүк тажрыйбасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулинди жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевтикалык комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевтикалык заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында куруу Министрлер Кабинети тарабынан берилген жер участогуна бардык уруксат документтери алынган учурдан тартып божомол боюнча 48 айдан ашпаган мөөнөттө Инвестициялык долбоорду толук ишке ашырууну камсыз кылуу, ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн преференцияларды берүү;
№ | “Бишкек” ЭЭЗ аймагындагы “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоору боюнча иштердин аталышы | Ишке ашыруу мөөнөтү
|
1 | Инвестициялык долбоорду даярдоо | 2023-жылдын февралы – 2023-жылдын декабры |
2 | Фармацевтикалык комплекстин курулушунун долбоорун даярдоо | 2023-жылдын февралы – 2024-жылдын февралы |
3 | Автоматташтырылган фармацевтикалык кампа комплексинин курулушунун долбоорун даярдоо жана аны ишке ашыруу | 2023-жылдын ноябры – 2025-жылдын февралы |
4 | Аянты 7 гектар болгон бөлүнгөн участокто фармацевтикалык заводду – комплексти долбоорлоо жана куруу | 2024-жылдын марты – 2027-жылдын марты |
6.2.4 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана ушул Инвестициялык макулдашуунун бардык көрсөтүлгөн шарттарын сактоо;
6.2.5 ушул Инвестициялык макулдашуунун Тараптары менен шартталган мөөнөттөрдө 50 жана андан ашык жаңы жумуш ордун камсыз кылуучу (этап менен) өндүрүштү түзүү жана ишкекиргизүү;
6.2.6 “Бишкек” эркин экономикалык зонасынын аймагында (Ак-Чий айылы, Чүй облусу) мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алынган жер участогун максаттуу пайдаланууну ишке ашыруу;
6.2.7 Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык персоналды ишке кабыл алууну, анын ичинде укуктарын коргоону жана ден соолугун сактоону, социалдык камсыздоону ишке ашыруу;
6.2.8 Министрлер Кабинети жана мамлекеттик органдар тарабынан талап кылынган Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында берүү;
6.2.9 ушул Инвестициялык долбоордун 6.2.2-пунктунда көрсөтүлгөн инвестицияларды жүзөгө ашыруу жана ушул Инвестициялык макулдашуунун 6.2.3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга берүү;
6.2.10 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Инвестициялык макулдашууда белгиленген жана каршы келбеген башка милдеттенмелерди аткаруу.
7. Тараптардын жоопкерчилиги
7.1. Тараптар Инвестициялык макулдашуу боюнча күнөөлүү Тарап милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Тараптардын бири тарткан, Тараптар ырастаган жоготуулардын жана чыгымдардын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттенет.
7.2. Тараптар ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул аткарбоо ал жеткис күчтүн (форс-мажордук) жагдайлардын кесепетинен болсо.
7.3. Эч бир Тарап экинчисинин алдында кыйыр, кокусунан же ортомчулук менен келтирилген зыян үчүн, анын ичинде албай калган пайда үчүн жоопкерчилик тартпайт.
8. Инвестицияларды коргоо
8.1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Инвестициялык долбоорго байланышкан инвестицияларды коргоо боюнча чараларды көрөт.
9. Форс-мажор
9.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча кайсы болбосун милдеттенменин (же анын кайсы болбосун бөлүгүнүн) аткарылбагандыгы же өз убагында аткарылбагандыгы үчүн жооптуу болгон кайсы болбосун тарап ушул Инвестициялык макулдашууда анын аныктамасына ылайык Форс-мажордун жагдайларынан улам келип чыккан же келтирилген даражада мындай аткарылбагандыгы же өз убагында аткарылбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
9.2. Тараптарга карата Форс-мажор төмөнкүлөр менен чектелет:
9.2.1 табигый кырсыктар (жер титирөө, сел, жер көчкү, циклон, суу ташкыны, өрт чыгуу, чагылган, толкун, жанар тоонун атылышы жана башка ушул сыяктуу жаратылыш кубулуштары);
9.2.2 санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөр сыяктуу эпидемия;
9.2.3 эгемендүү мамлекеттердин ортосундагы согуш аракеттери, терроризм актылары, көтөрүлүш жана козголоң;
9.2.4 ар бир учурда Тараптарга жана (же) мамлекеттик органдарга өздөрүнүн милдеттерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн алардын контролдугунан тышкары аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдай же себеп (жогоруда 9.2.1, 9.2.2 жана (же) 9.2.3-пункттарда көрсөтүлгөн) жана алардын ар кандай кесепеттери, ал эми мындай жагдайлар же себептер (жогоруда 9.2.1, 9.2.2 жана (же) 9.2.3-пункттарда көрсөтүлгөн) Тараптардын жана (же) мамлекеттик органдардын этиятсыздыгы же алардын ушул Инвестициялык макулдашууну бузуусу менен шартталган эмес.
9.3. Эгерде Тарап Форс-мажордун натыйжасында ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда, ал бул тууралуу жазуу жүзүндө анын алдындагы милдеттенмелери аткарылууга тийиш болгон башка Тарапка ыкчам түрдө кабарлайт. Мындай кабарлоодо төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
9.3.1 бул Тарап аткара албаган милдеттенмелерди же алардын бөлүгүн көрсөтүү;
9.3.2 Форс-мажордун жагдайларын толук сүрөттөө;
9.3.3 Форс-мажор сактала турган эсептик убакытты көрсөтүү;
9.3.4 Форс-мажордун кесепеттерин оңдоо же азайтуу үчүн өзүнө же башка Тарапка көрүү үчүн сунушталып жаткан чараларды көрсөтүү.
9.4. Мындай кабарлоо берилгенден кийин жана Форс-мажор сакталган бүткүл мөөнөттүн ичинде мындай Форс-мажордун айынан аткарылышы мүмкүн болбогон бардык милдеттенмелерди же алардын кандайдыр бир бөлүктөрүн аткаруу токтотулат.
9.5. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган кайсы болбосун Тарап ага жеткиликтүү болгон чараларды көрөт жана Тараптар тарткан зыянды азайтуу жана Форс-мажордун жагдайларын четтетүү же оңдоо жана өз милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аткарууну кайра баштоо үчүн зарыл болгон каражаттарды сарптайт.
9.6. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Министрлер Кабинети Форс-мажор сакталган мезгилде жана анын натыйжасында Инвестор тарткан кандайдыр бир жоготууларды азайтуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан талап кылынышы мүмкүн болгон зарыл чараларды көрүү боюнча бардык зарыл болгон аракеттерди көрөт.
9.7. Форс-мажордун натыйжасында өз милдеттенмелерин же алардын бир бөлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Инвестор Форс-мажор сакталган мезгилде жана анын натыйжасында Министрлер Кабинети, кайсы болбосун Мамлекеттик орган, жеке жак жана (же) Юридикалык жак тарткан жоготууларды жана чыгымдарды азайтуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрөт.
10. Купуялуулук
10.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишке тиешелүү бардык документтер, маалыматтар жана отчеттор боюнча купуялуулук шарттарын анын колдонуу мөөнөтүнүн ичинде сактайт.
10.2. Тараптардын бири да экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугун албастан Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар бири-бирине берген маалыматты же Инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу менен байланышкан жана купуялуу деп эсептелген башка маалыматты ачыкка чыгарууга укугу жок, буга төмөнкү учурлар кирбейт:
10.2.1 маалымат соттук териштирүүдө колдонулса;
10.2.2 маалымат Инвестициялык макулдашуу боюнча Тараптардын биринин кызматын көрсөткөн үчүнчү жактарга берилсе, мындай үчүнчү жак мындай маалыматтын купуялуулук шарттарын сактоо жана аны Тараптар белгилеген максаттарда жана Тараптар аныктаган мөөнөткө гана пайдалануу милдеттенмесин өзүнө алган шартта;
10.2.3 маалымат Инвестициялык макулдашуу боюнча Тарап финансылык каражаттарды алган банкка же башка финансылык уюмга берилсе, мындай банк же финансылык уюм мындай маалыматтын купуялуулук шарттарын сактоо милдеттенмесин өзүнө алган шартта;
10.2.4 маалымат ар кандай маалыматка, анын ичинде банктык сыр болуп саналган, Инвестордун каалаган банктык эсебине тиешелүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чет өлкөлүк банктарда ачылган банктык эсептерге тиешелүү маалыматка жеткиликтүү болгон Кыргыз Республикасынын салык же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына берилсе;
10.2.5 Министрлер Кабинети Инвестициялык долбоордун аталышы, инвестициялардын суммасы, ишке ашыруу региону жана түзүлүүчү жумуш орундарынын саны жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаганда.
11. Инвестициялык макулдашуунун туруктуулугунун кепилдиктери
11.1 Министрлер Кабинети менен Инвестордун ортосунда түзүлгөн ушул Инвестициялык макулдашуунун шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган же ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын макулдашуусу боюнча киргизилген учурларды кошпогондо, ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.
12. Колдонулуучу укук
12.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу жана ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде кол коюлган башка макулдашуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.
13. Талаштарды чечүү
13.1. Ушул Инвестициялык макулдашууну же анын кайсы болбосун жобосун чечмелөөгө, анын жарактуулугуна же аткарылышына байланыштуу Тараптардын ортосунда талаштар пайда болгон учурда Тараптар мындай талашштарды 3 (үч) айдын ичинде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт.
13.2. Талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда Тараптар талаштарды жөнгө салуунун доомат тартибине өтүшөт. Дооматты алган Тарап дооматты алгандан кийин 3 (үч) айдын ичинде карап чыгышы керек жана башка Тарапка дооматты кабыл алуу же дооматты талкуулоо же дооматты канааттандыруудан баш тартуу чечими жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
13.3. Эгерде талаш ушул берененин 13.1 жана 13.2-пункттарына ылайык жөнгө салынбаса, Тараптар бейтарап мамлекеттин аймагында Тараптар дайындай турган жалгыз арбитрдин жетекчилиги астында Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүргүзүлө турган арбитраждык териштирүүгө кайрылышы керек.
14. Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү жана күчүнө кириши
14.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу ага Тараптар кол койгон датадан (мындан ары – Күчүнө кирген дата) тартып күчүнө кирет.
14.2. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү жер участогу иш жүзүндө берилген учурдан тартып жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулушка уруксат берүүчү документтерди, ошондой эле башка зарыл уруксат берүүчү документтерди алгандан кийин башталат.
14.3. Ушул Инвестициялык макулдашуу Күчүнө кирген датадан тартып 10 (он) жылдык мөөнөткө түзүлөт.
14.4. Ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, эгерде Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка ушул Инвестициялык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн аякташына чейин кеминде 6 (алты) ай мурда өзүнүн аракетин токтотуу же узартпоо ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, Инвестициялык макулдашуунун мөөнөтү ар бир кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
15. Билдирүүлөр
15.1. Ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде же ага байланыштуу берилүүчү кабарлоо, жактыруу, макулдашуу жана башка билдирүүлөр (мындан ары – Билдирүү):
15.1.1 жазуу жүзүндө кыргыз жана/же орус жана/же англис тилдеринде түзүлүүгө тийиш;
15.1.2 колдон-колго жеткирилиши же почта жыйымын алдын ала төлөө менен жана дарек ээсинин дарегине жеткирүүнү белгилөө же каттоо менен жөнөтүлүшү керек же ушул беренеде көрсөтүлгөн дарек ээсинин телекс номерине же факсына телекс же факсимилдик байланыш боюнча жиберилиши керек, мында ал көрсөтүлгөн адамга же ушундай башка даректерге, телекс же факс номерлерине даректелгендиги белгиленет жана (же) ал ушул беренеге ылайык берилүүчү Билдирүүдө тийиштүү Тарап мезгил-мезгили менен көрсөтүлүшү мүмкүн болгон башка адамга даректелгендиги белгиленет;
15.1.3 кандайдыр бир күмөн саноолорду болтурбоо үчүн электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн Билдирүү жарактуу деп саналбайт.
15.2. Ушул Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген Датага карата ар бир Тарап төмөнкүдөй реквизиттерге ээ:
Министрлер Кабинети:
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 207.
Факс: [*]
Кимге: [*]
“BIOPHARMAX BV”:
Дареги: Merchants Street 5/2 Valleta VLT 1171, Malta
Факс: [*]
Кимге: [*]
15.3. Буга чейинки алууну тастыктоо жок болгон учурда, ар кандай Билдирүү ушул берененин 15.4-пунктуна ылайык алынган деп эсептелген учурдан тартып күчүнө кирет.
15.4. 15.3-пунктун эске алуу менен төмөнкүдөй учурларда Билдирүү алынган деп эсептелет:
15.4.1 Билдирүү дарек ээсинин дарегине колдон-колго жеткирилген – ушундай дарекке жеткирип берилген учурда; же
15.4.2 эл аралык таанылган курьердик жеткирүү кызматын пайдаланган – мындай билдирүүнү же документти эл аралык таанылган кызмат тиешелүү дарек боюнча жеткирген жана алууну ырастаган кол тамганы алган учурда; же
15.4.3 факс аркылуу жөнөткөн – Билдирүү жөнөтүлгөн факсимилдик аппараттан маалыматтарды өткөрүп берүү боюнча басып чыгарылган протокол алынган учурда, мында факсимилдик билдирме алуучунун факсынын номерине толугу менен жиберилгени көрсөтүлөт.
15.5. Ушул Инвестициялык макулдашуунун 15.4-пунктуна ылайык Иш күнү болуп саналбаган күнү же алуу жеринде жергиликтүү убакыт боюнча каалаган Иш күндүн 17 саат 00 мүнөттөн кийин алынган же алынды деп эсептелген Билдирүү кийинки Иш күнү алынган деп саналат.
15.6. Ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн дареги же факсы мындан ары Билдирүүлөрдү берүү үчүн ылайыктуу болуп саналбаган учурда ар бир Тарап эки жумалык мөөнөттө ушул беренеге ылайык Билдирүү жөнөтүү менен экинчи Тарапты маалымдайт.
16. Инвестициялык макулдашууну бузуунун шарттары
16.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
16.2. Инвестор тарабынан 6.2.3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмелер өз мөөнөтүндө аткарылбаган учурда Инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинети тарабынан бир тараптуу тартипте мөөнөтүнөн мурда бузулат, ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвесторго берилген ар кандай укуктар, анын ичинде жер участогуна байланыштуу укуктар жоюлат.
16.3. 6.1.2-пункту сакталбаган учурда Инвестициялык макулдашуу Тараптардын ар бири үчүн андан аркы эч кандай милдеттенмелерсиз эле бузулат.
17. Кошумча жоболор
17.1. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилүүчү жерлер күрөөгө берилиши мүмкүн эмес жана кандайдыр бир чектөөлөргө алынбайт.
17.2. Ушул Инвестициялык макулдашууга киргизилүүчү каалагандай өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор, эгерде алар Тараптардын ар бири кол коюлган кошумча макулдашуу аркылуу жазуу жүзүндө таризделгенде гана жарактуу жана күчүндө болот.
17.3. Тиркемелердин жоболору менен Инвестициялык макулдашуунун ортосунда кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, акыркысы негизги мааниге ээ.
17.4. Ушул Инвестициялык макулдашууга алты түп нускада кол коюлду, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Ар бир Тарап ушул Инвестициялык макулдашуунун 2 (экиден) түп нускасын алат. Жогоруда саналып өткөн тилдердеги текст бирдей юридикалык күчкө ээ.
17.5. Ушул Инвестициялык макулдашууга 2023-жылдын “____” ___________ Бишкек шаарында Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлду.
18. ТАРАПТАРДЫН КОЛ ТАМГАЛАРЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан | “BIOPHARMAX BV” компаниясынын атынан (Инвестор) |
Аты-жөнү: __________________ |
Аты-жөнү:__________________ |
Кызмат орду: ________________ |
Кызмат орду: ________________ |
Колу ______________________ |
Колу ______________________ |
МО |
МО |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 268-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2023-жылдын 14-июну № 341-р
Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай өндүрүштүк практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келген инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча заводду, кампалык жайларды камтыган фармацевттик комплексти, лабораторияларды, окутуу борборун куруу боюнча “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле инсулин жана башка дары препараттарын өндүрүү боюнча фармацевттик заводдун курулушу аяктаганга жана пайдаланууга берилгенге чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды (сатуу менен байланышпаган) ташып киргизүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк “BIOPHARMAX BV” компаниясынын ортосундагы “Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 268-т тескемесине ылайык күчүн жоготту).