Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 14-июну ПТ № 104
Узундугу 100 км болгон Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автомобиль жолун капиталдык оңдоо маселесин ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узундугу 100 км болгон Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автомобиль жолун капиталдык оңдоо боюнча подрядчыны аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-июнундагы N 344-т (Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров автомобиль жолунун капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчысын аныктоо тууралуу) тескемеси
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |