Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 13-июну № 329-т
"Каракол" эл аралык аэропортунун А, В, С классындагы аба кемелерин кабыл алуу/чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облусунун туристтик жагымдуулугун арттыруу максатында, "Аэродолбоор" мамлекеттик долбоордук-изилдөө жана илимий-изилдөө жарандык авиация институту" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын (Россия Федерациясы) "Каракол" аэродромунун жасалма учуу-конуу тилкесине так кирүүнү камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна "Аэродолбоор" мамлекеттик долбоордук-изилдөө жана илимий-изилдөө жарандык авиация институту" федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын сунуштарына ылайык төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Каракол" эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинин жаңы имаратын куруу" жана "Каракол" аэродромунун элементтерин жасалма учуу-конуу тилкесин 400 метрге узартуу менен реконструкциялоо жана аэродромду жарык берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу;
- "Каракол" аэродромунун элементтерин реконструкциялоо боюнча долбоордук-сметалык документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- "Каракол" эл аралык аэропортунун жасалма учуу-конуу тилкесин А, В, С классындагы аба кемелеринин учуусу/конуусу үчүн зарыл болгон тиешелүү өлчөмгө чейин узартуу менен реконструкциялоону камсыз кылуу.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бирдикте "Каракол" эл аралык аэропортунун жасалма учуу-конуу тилкесин реконструкциялоо үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жер участокторун аныктасын;
- бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |