Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын буйругу
2023-жылдын 1-июлу № 465
Ж.Ы. Советов жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык СОВЕТОВ Жыргалбек Ырысбекович Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын "Механизациялаштырылган көчмө колонна" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалсын.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун сунушу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |