Загрузка документа…
| ||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшу өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелер маселелери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо, ошондой эле электр жана жылуулук менен жабдуудагы бузулууларга жол бербөө үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат.
2. Штаб өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Штабдын ишин Штабдын төрагасы, ал эми ал жок учурда - төраганын орун басарларынын бири жетектейт.
2-глава. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыздоо.
5. Штаб өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүн өзүнүн жыйналыштарында карайт;
- мамлекеттик органдардын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын суу-энергетикалык ресурстарды башкаруу, күз-кыш шарттарында иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдоо, отун менен камсыз кылуу, электр жана жылуулук менен жабдуудагы бузулуулардын алдын алуу жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча ишин координациялайт;
- зарыл болгон учурда региондор боюнча электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимитин белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуш киргизет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Токтогул ГЭСтеринин каскадында суу-энергетикалык абалына мониторинг жүргүзөт жана болжолдойт;
- суу-энергетикалык баланстагы бузууларды болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрөт;
- электр энергиясы менен иштеген буу казандарын органикалык отундарды пайдаланууга өткөрүү жана зарыл отун менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышын контролдойт.
3-глава. Штабдын укуктары
6. Штаб төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйналыштарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринин отчетторун угууга жана Штабдын максаттарынын жана милдеттеринин алкагында алардын ишине баа берүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- күз-кыш шарттарында иштөөгө даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Штабдын чечимдеринин аткарылбай калышына жол берген, тапшырмаларынын аткарылышын үзгүлтүккө учураткан министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуш киргизүүгө;
- республикадагы суу-энергетикалык кырдаалдын маселелери, экономика тармактарын жана калкты алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат берүүгө;
- республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка уюштуруу жана координациялык чараларды көрүүгө.
4-глава. Штабдын ишин уюштуруу
7. Штабдын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Штабдын Төрагасы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энергетика маселелерин тейлеген орун басары болуп саналат, ал Штабдын ишин жетектейт. Штабдын мүчөлөрү Штабдын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча Штабдын талкуусуна негиздүү сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
8. Штабдын иш формасы болуп жыйналыш же селектордук кеңешме саналат, алар зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Штабдын мүчөлөрү жыйналыштарга же селектордук кеңешмелерге жеке өздөрү катышат. Штабдын жыйналышына Штабдын мүчөсү жүйөсүз себеп менен катышпаса, ага карата белгиленген тартипте тартиптик жаза чарасы көрүлөт.
9. Штабдын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда жыйналыш өттү деп эсептелет.
10. Штабдын жыйналышынын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, ага төрагалык кылуучу кол коёт.
11. Штабдын чечимдери добуш берүү аркылуу Штабдын жалпы мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана аларды ишке ашырууга жооптуу болгон бардык адамдарга кабарланат.
12. Штабдын кабыл алынган чечимдери зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик органдардын кароосуна жиберилиши мүмкүн.