Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 22-июну № 362-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
"Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" I бөлүмүндө:
- 1-главанын 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 2-главанын 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32. Бишкек шаардык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 3-главанын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 3-главанын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Сузак районунун аймактык ооруканасы";
- төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37. Сузак районунун үй-бүлөлүк медицина борбору";
- 4-главанын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 5-главанын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17. Ананьево айылынын жалпы дарыгерлик практика борбору";
- 6-главанын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 7-главанын 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 8-главанын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Баткен облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 9-главанын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чүй облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору";
- 9-главанын 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Жайыл районунун аймактык ооруканасы";
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
"24. Жайыл районунун үй-бүлөлүк медицина борбору";
- "Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жергиликтүү өндүрүүчүлөр" 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
" 18. "IPAR PHARM" жоопкерчилиги чектелген коому";
"Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" III бөлүмүндө:
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия жана фитотехнологиялар институту";
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Балтадагы электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалы";
- төмөнкүдөй мазмундагы 117, 118, 119, 120-пункттар менен толукталсын:
"117. "Ак-Жалга" жабык акционердик коому
118. "Максат Академиясы" билим берүү борбору" жоопкерчилиги чектелген коому
119. "Нур&Ай компани" жоопкерчилиги чектелген коому
120. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |