Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-мартындагы № 98-т тескемесине) |
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары үчүн резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары үчүн резервдик фонддор (мындан ары - резервдик фонд) боюнча чыгымдар жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралат.
2. Резервдик фонддордун өлчөмү ушул Тартипке ылайык аныкталат.
2. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Республикалык бюджеттен резервдик фондго бөлүнгөн бюджеттик каражаттар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын тескемесине ылайык ушул Тартипте каралган максаттарга пайдаланылууга тийиш.
4. Резервдик фонддун каражаттарын тескөөчү болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы эсептелет.
5. Резервдик фонддордун каражаттары шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоо үчүн гана пайдаланылат.
6. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоо, референдум өткөрүүгө;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ишин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана финансылык камсыз кылуу боюнча иш-чараларга.
7. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрү менен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
3. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
8. Резервдик фонддор боюнча көлөм төмөнкүдөй түрдө эсептелинет:
1) 50% бардык райондук мамлекеттик администрациялар боюнча бирдей үлүштөргө бөлүштүрүлөт;
2) калган 50% төмөнкү формулалар боюнча:
ОЖК = (АРФЖК/БК ) * 1000
ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
АРФ ЖК - акимдердин резервдик фонддорунун жалпы көлөмү;
БК - Кыргыз Республикасынын бардык калкы (адам);
РАРФ = ОЖК * РК
РАРФ - райондун акиминин резервдик фонду;
ОЖК - орто эсеп менен жан башына көрсөткүч;
РК - райондун калкы.
4. Каражаттарды тескөөчүнүн жоопкерчилиги, резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
9. Каражаттарды тескөөчү жана каражаттарды алуучулар резервдик фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
10. Резервдик фонддордун акча каражаттарын эсепке алуу каражаттарды башкы тескөөчүнүн жана алуучунун өзүнчө казыналык эсебинде (бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө) жүргүзүлөт.