Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-марты № 153
Санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, санариптик башкарууну өнүктүрүүнүн архитектурасын жана стратегиясын, санариптик технологияларды киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле санариптик трансформация боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кеңеш жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кеңештин курамы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмү Кеңештин иштеши үчүн донордук каражаттарды тартуу маселесин иштеп чыксын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңештин КУРАМЫ
Бяхов Олег Владимирович | - | Европада IBM мамлекеттик сектордо бизнести өнүктүрүүнү колдоо программасынын жетекчиси; |
Рогозинский Рафал | - | маалыматтык коопсуздук жана санариптик тобокелдиктер боюнча башкы эксперт, SecDev Group директору жана Zero point Security башкы директору; |
Тынис Мяэ | - | Европа бирлигинин твининг боюнча туруктуу резиденти-кеңешчиси; |
Дмитрик Николай Андреевич | - | Иллинойс технологиялык университетинин чакырылган изилдөөчүсү (Чикаго-Кент юридикалык колледжи), санариптик чөйрөдө мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча адис; |
Абакиров Азиз Джумабекович | - | Жогорку технологиялар паркынын, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын (КАРПОУ) негиздөөчүсү; |
Догоев Дастан Давлетович | - | БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) санариптештирүү боюнча улук кеңешчиси; |
Турдалиев Эдуард Климович | - | маркалоо жана фискалдаштыруу маселелери боюнча эксперт; |
Абжанбеков Айдын Эркинович | - | Борбордук Азиядагы, Монголиядагы жана Азербайжандагы Ericsson башчысы; |
Гуринов Андрей Викторович | - | Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын ассоциациясынын төрагасы, Жогорку технологиялар паркынын эксперттик кеңешинин мурдагы-мүчөсү, Kanda СА техникалык директору, TimelySoft тең негиздөөчүсү; |
Руслан Динара | - | CODIFY IT-компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана CEO; |
Окенов Мирбек Турдубекович | - | УЛУТ Софттун директору; |
Базарбаев Алмаз Джамалбекович | - | санариптештирүү жаатындагы эксперт (финансылык технологиялар); |
Мамбеталиева Татту Эмильбековна | - | "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору; |
Байкулова Ирина Султановна | - | "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондунун директорунун орун басары; |
Шатемиров Кубанычбек Таалайбекович | - | "Кыргызстан коммерциялык банкы" ачык акционердик коомунун экосистемаларды өнүктүрүү жетекчиси; |
Куренкеев Айбек Суербекович | - | "Электрондук коммерция ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти, санариптик ишкер; |
Шахин Татьяна Николаевна | - | стратегиялык коммуникациялар жана санариптик трансформация боюнча эксперт; |
Самыкбаева Лира Аманбаевна | - | санариптештирүү жаатындагы эксперт (билим берүү чөйрөсү); |
Усенов Жапар Джолдошбекович | - | санариптештирүү жаатындагы эксперт; |
Садамбеков Кубанычбек Туратбекович | - | "Альфа Ойл" жоопкерчилиги чектелген коомунун долбоорлор боюнча менеджери, криптография жана долбоорду башкаруу жаатындагы эксперт; |
Сагынов Эсен Сагалыевич | - | Mancho Devs жана Quickрауде СТО негиздөөчүсү жана башкы иштеп чыгуучусу; |
Жусумамбетова Рахат Жусумамбетовна | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары. |