Загрузка документа…
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 153 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңеш (мындан ары - Кеңеш) санариптик трансформацияны өнүктүрүүгө талдоо жүргүзүүгө жана координациялоого, инновациялык технологияларды киргизүүгө, ошондой эле өлкөнүн тездетилген санариптик өнүгүүсүнө жетишүүсү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө көмөк көрсөтүүчү, туруктуу иштөөчү консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачыктык жана калыстык;
- чечимдерди даярдоодо жана түзүүдө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык тренддерди колдонуу;
- даярдалган чечимдердин негиздүүлүгү;
- Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
- акыркы натыйжага багыт алуу.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаты жана милдеттери
4. Кеңештин максаты санариптик башкаруунун архитектурасын курууга көмөк көрсөтүү жана эксперттик коомчулукту санариптик трансформация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке тартуу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө инновациялык чечимдерди укуктук жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.
5. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында санариптик башкаруунун архитектурасын куруу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында санариптик технологияларды киргизүү деңгээлин системалуу натыйжалуу талдоону жана баалоону камсыз кылуу;
3) мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун, ошондой эле электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
4) санариптик башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмөктөшүү;
5) Кеңештин сунуштамаларын ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзүү.
3. Кеңештин ыйгарым укуктары
6. Кеңештин ыйгарым укуктары:
1) Кыргыз Республикасында санариптик трансформация үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, коомдук мамилелерди жөнгө салууда инновациялык мамилелерди колдонуу, киберкоопсуздукту башкарууда жана камсыз кылууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири колдонуу маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат;
2) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда инновациялык мамилелерди колдонуу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле мыйзам долбоорлоруна, башка ченемдик укуктук актыларына коомдук экспертиза жүргүзөт;
3) санариптик трансформация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды чогултат жана талдайт;
4) санариптик трансформация чөйрөсүндө мамлекеттик саясат маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана илгерилетет;
5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана башка адамдардын демилгеси боюнча өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү маалыматтарды угат;
6) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштамаларды киргизет жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
7) каралып жаткан багыттар боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүнө эксперттик баалоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка, анын ичинде эл аралык уюмдардын адистерин жана эксперттерди тартат;
8) санариптик башкарууну ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
9) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынан зарыл материалдарды белгиленген тартипте сурайт;
10) Кеңештин кабыл алынган чечимдерин ишке ашырууну баалоого мониторинг жүргүзүү системасын бекитет;
11) натыйжалуулуктун жана жыйынтыктуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен Кеңештин Катчылыгынын кызматкерлеринин ишин баалоо системасын белгилейт;
12) Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктар.
4. Кеңештин курамы жана түзүү тартиби
7. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан эки жылдык мөөнөткө түзүлөт.
8. Кеңеш Кеңештин Жетекчисинен, катчысынан жана эксперттик кеңештин мүчөлөрүнөн турат.
9. Кеңештин мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
5. Кеңештин ишинин формасы
10. Кеңештин ишинин негизги формасы болуп Кеңештин жыйналыштары саналат.
11. Кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өзүнүн ишинин регламентин аныктайт.
12. Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп саналган Жетекчи ишке ашырат.
13. Кеңештин Жетекчиси:
1) жыйналышты даярдайт жана Кеңештин жыйналыштарында модератордун функцияларын аткарат, анын сунуштамаларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жеткирүүнү шарттайт;
2) Кеңештин ишин уюштурууга байланыштуу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Кеңештин алдында Кеңештин жетекчиси тарабынан тартылган 3 адамдан турган катчылык иштейт.
15. Кеңештин катчылыгы:
1) Кеңештин чечимдерин, протоколдорун, актыларын даярдайт;
2) Кеңештин жыйналыштары үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдайт;
3) Кеңештин ишин камсыз кылууга байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Кеңештин жыйналыштары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин катышуусу менен зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
17. Кеңештин сунуштамалары жана сунуштары жыйналышка катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат жана сунуштама мүнөзүндө болот. Добуштардын саны бирдей болгон учурда Кеңештин Жетекчиси добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
6. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методологиялык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
18. Кеңештин ишин уюштуруучулук-методологиялык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жүзөгө ашырат.
19. Кеңештин ишин материалдык-техникалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, тартылган каражаттардын эсебинен каржыланышы мүмкүн.
21. Кеңештин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында өзүнүн бөлүмү бар.