Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 6-июлу № 404-т
Гуманитардык, социалдык илимдер жана эл аралык билим берүү жаатындагы билим берүү уюмдарын жана программаларын түзүүнү колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 610-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомун эске алуу менен:
1. Кытайдын Хэнань университетине жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Жибек Жолу институтуна (мындан ары - Институт) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин балансында турган, Бишкек шаары, Манас проспекти, 66 дареги боюнча жайгашкан төртүнчү окуу корпустун жалпы аянты 1016 кв. м болгон үчүнчү кабатындагы жана жертөлөсүндөгү жайларды (үчүнчү кабаттагы жай - 896 кв. м жана жертөлөдөгү жай - 120 кв. м) билим берүү максатында акысыз пайдалануу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылдык мөөнөткө акысыз негизде пайдалануу укугу төмөнкү шарттары менен берилсин:
- Институттун каражаттарынын эсебинен бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө;
- Институттун каражаттарынын эсебинен жайлардын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү.
2. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентгик менен бирдикте белгиленген тартипте ушул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жайларды билим берүү максатында пайдалануу үчүн Институтка өткөрүп берсин;
- Институт менен бирдикте (макулдашуу боюнча) ушул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик мүлктү акысыз пайдалануу жөнүндө келишимди түзсүн.
3. Институт ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алуу менен белгиленген тартипте өткөрүп берилүүчү объекттерди акысыз убактылуу пайдаланууга кабыл алсын жана аларды максаттуу багыты боюнча гана пайдалансын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |