Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
тескеме
2023-жылдын 30-майы № 293-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан "Кодур-Таш" гранит аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу тиркеме ылайык берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объектине лицензия берсин;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан "Кодур-Таш" гранит аянтынын тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Ү |
1 | 13525450 | 4490040 |
2 | 13526070 | 4490420 |
3 | 13527850 | 4490820 |
4 | 13528890 | 4491470 |
5 | 13529300 | 4491380 |
6 | 13528560 | 4489740 |
7 | 13524980 | 4487820 |
8 | 13524150 | 4487790 |
9 | 13523860 | 4487940 |
10 | 13523850 | 4488340 |
Аянты 812,8 га | ||