Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 289-т тескемесине) |
Фискалдык тобокелдиктер боюнча маалыматтарды берүүнүн тартиби
1. Бул тиркеме үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм мамлекеттик компаниялар боюнча берилүүчү маалыматтарды баяндайт, аларга мамлекеттик ишканалар жана фискалдык тобокелдиктерге карата уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдор кирет. Экинчи бөлүм бюджеттик кредиттөөгө карата фискалдык тобокелдиктер жөнүндө берилген маалыматтарды баяндайт. Үчүнчү бөлүмдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө карата берилген фискалдык тобокелдиктер тууралуу маалыматтар баяндалат.
2. Берилген маалыматтар таблицалык формаларды, диаграммаларды жана алардын фискалдык тобокелдиктерге карата кыскача аналитикалык баяндамасын камтыйт. Маалыматтар электрондук түрдө: таблицалык формалар жана диаграммалар Microsoft Excel форматында жана кыскача аналитикалык баяндама Microsoft Word форматында берилет.
3. Талап кылынган маалыматты төмөнкү жооптуу органдар берет:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасына экономикалык сереп;
- макроэкономикалык фискалдык тобокелдиктер;
- мамлекеттик кирешелерди болжолдоонун сапатына байланыштуу фискалдык тобокелдиктер;
- мамлекеттик карызга байланыштуу фискалдык тобокелдиктер;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлору боюнча милдеттенмелер менен байланышкан тобокелдиктер;
- башка фискалдык тобокелдиктер:
2) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому (мамлекеттик компаниялар менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер боюнча маалымат);
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы кредиттик фонд (бюджеттик кредиттөө менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер);
4) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси (МЖӨ долбоорлору боюнча милдеттенмелер менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер).
1-бөлүм. Фискалдык тобокелдиктерге карата мамлекеттик компаниялардын маалыматтарды берүү форматы
1. Берилүүчү маалыматтардын тизмеси
1.1. Таблица түрүндө мамлекеттик компаниялардын негизги жыйынды финансылык көрсөткүчтөрү
Бул көрсөткүчтөр аудит жүргүзүлгөн мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун финансылык отчеттуулугунун негизинде даярдалат. Эгерде компанияда аудит жүргүзүлбөсө, маалымат бул жөнүндө белгилөө менен берилет.
1.1-таблица. ___________________________ (мамлекеттик орган көрсөтүлсүн) карамагына кирген уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбакер коомдордун негизги жыйынды көрсөткүчтөрү (___-жылдын аягына карата)
| Компаниялардын саны | Активдер, бардыгы | Милдеттенмелер, бардыгы | Капитал, бардыгы | Таза пайда | Бардык төлөнгөн дивиденддер | Төлөнгөн салыктар жана башка төлөмдөр, бардыгы | Кызматкерлердин саны |
Өлчөө бирдиги | бирдик | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | адам |
Номиналдык наркы боюнча бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
ИДПдан % менен, бардыгы | толтурулбайт |
|
|
|
|
|
| толтурулбайт |
Эскертүү:
Бул таблицада тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун карамагында турган уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар бардык чарбалык коомдор боюнча жалпы маалыматтар берилет. Таблицанын аталышында маалымат берилген жылдар жана мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.
1.2-таблица. ___________________________ (мамлекеттик орган көрсөтүлсүн) карамагына кирген мамлекеттик ишканалардын негизги жыйынды көрсөткүчтөрү (__________-жылдын аягына карата)
| Компаниялардын саны | Активдер, бардыгы | Милдеттенмелер, бардыгы | Капитал, бардыгы | Таза пайда | Бардык төлөнгөн дивиденддер | Төлөнгөн салыктар жана башка төлөмдөр, бардыгы | Кызматкерлердин саны |
Өлчөө бирдиги | бирдик | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом | адам |
Номиналдык наркы боюнча бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
ИДПдан % менен, бардыгы | толтурулбайт |
|
|
|
|
|
| толтурулбайт |
Эскертүү:
Бул таблицада тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун карамагындагы бардык мамлекеттик ишканалар боюнча жалпы маалыматтар берилет. Таблицанын аталышында маалымат берилген жылдар жана мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.
1.3-таблица. ____________________ (мамлекеттик орган көрсөтүлсүн) карамагына кирген ири мамлекеттик компаниялар жалпы карыз боюнча (_________-жылдын аягына карата)
Компаниялардын аталышы | Уюштуруу-укуктук формасы | Мамлекеттин үлүшү (%) | Сектор | Карыз, бардыгы (млрд. сом) | Карыз*, бардыгы (% ИДП) | Мамлекеттин алдындагы бардык карыз**, (бардык карыздан % менен) | Төлөнбөгөн мөөнөтү өткөн карыз, бардыгы (млрд. сом) | Төлөнбөгөн кайра түзүмдөштүрүлгөн карыз, бардыгы (млрд. сом) | Алынган мамлекеттик колдоонун жалпы суммасы*** (акыркы 5 жыл үчүн) (млрд. сом) |
Ченөө бирдиги |
| % |
| млрд. сом | % | млрд. сом | млрд. сом | млрд. сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы, ИДПга карата % менен | толтурулбайт | толтурулбайт | толтурулбайт |
| толтурулбайт | толтурулбайт |
|
|
|
Эскертүү:
Мамлекеттик органдардын ар бири өзүнүн карамагынын чөйрөсүндө турган ири мамлекеттик компаниялар боюнча жалпы карызынын көлөмү жөнүндө маалымат берет.
* Бардык карыз: төлөнбөгөн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү финансылык карызды (кредиторлорго, финансы мекемелерине, мамлекеттик уюмдарга, башка мамлекеттик компанияларга ж.б.) гана эсепке алат; өзүнө милдеттенмелердин башка түрлөрүн (өкмөткө жана башка тараптарга кредитордук карыз, салыктык жана башка карыздар ж.б.) камтыбайт.
** Мамлекеттин алдындагы бардык карыз: Бюджеттик кредиттөө, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттердин жана донорлордун каражаттарынын эсебинен республикалык бюджеттен берилген бюджеттик кредиттер аркылуу өкмөттөн алынган төлөнбөгөн карыз.
*** Мамлекеттик колдоо: капиталдаштыруу, субсидиялар, учурдагы же капиталдык трансферттер ж.б. Кредиттер боюнча карыз бул графага киргизилбеши керек.
1.4-таблица. __________ (мамлекеттик орган көрсөтүлөт) карамагына кирген активдер боюнча ири мамлекеттик компаниялар (________-жылдын аягына карата)
Компаниялардын аталышы | Уюштуруу-укуктук формасы | Сектор | Бардык актив-дер (млрд. сом) | Бардык активдер (ИДПдан % менен) | Бардык капитал (млрд. сом) | Карыздык милдеттенмелер, бардыгы (млрд. сом) | Таза пайда (млрд. сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Бул таблицадагы компаниялардын тизмеги 1.3-таблицанын тизмегине дал келбеши мүмкүн.
1.5-таблица. Ири мамлекеттик компаниялар боюнча тобокелдиктерди сандык баалоонун баллдары (__________-жылдын аягына карата финансылык отчетторго жүргүзүлгөн аудиттин негизинде):
Компаниялардын аталышы | Ликвиддүүлүк |
| Төлөө жөндөмдүүлүгү | Рентабелдүүлүк | Жыйынтык балл | ||
Учурдагы активдердин милдеттенмелерге карата катышы | Так ликвиддүүлүк коэффициенти | Зайымдык капиталдын өздүк капиталга карата катышы | Зайымдык капиталдын активдерге карата катышы | Таза пайданын рентабелдүүлүгү | Өздүк капиталдын рентабелдүүлүгү | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
Финансылык отчеттун аудити жок болгон учурда компаниянын жылдын аягына карата финансылык отчетунун маалыматтары колдонулушу керек. Компаниялардын тизмеги 1.3-таблицадагы компаниялардын тизмегине дал келиши керек.
Бул таблицада баллдарды эсептөө Эл аралык валюта фондунун мамлекеттик ишканалардын фискалдык тобокелдиктери боюнча методологиялык колдонмосуна (State Owned Enterrprise Health Check Tool User Guide, IMF) негизделет.
Мамлекеттик компаниялардын карыздарынын графикалык берилиши үчүн маалыматтар
1.1.1. Ар бир компания үчүн төмөнкүдөй маалымат берилсин:
1.6-таблица. Төлөө мөөнөттөрү жана валютасы боюнча төлөнбөгөн карыз (млрд. сом,______ жылдын аягына карата)
______________________________ компаниясы (көрсөткүлө)
Валюта | 1 жылга чейин | 1 жылдан 3 жылга чейин | 3 жылдан 5 жылга чейин | 5 жылдан 10 жылга чейин | 10 жылдан 20 жылга чейин | 20 жылдан ашык |
KGS |
|
|
|
|
|
|
CHF |
|
|
|
|
|
|
EUR |
|
|
|
|
|
|
JPY |
|
|
|
|
|
|
USD |
|
|
|
|
|
|
Башкалар |
|
|
|
|
|
|
1.1.2. 1.6-таблицадагы маалыматтарды төмөнкүдөй диаграммалар түрүндө көрсөтүңүз:
a) "1 жылдан аз", "1-3 жыл", "3-5 жыл", "5-10 жыл", "10-20 жыл", "20 жылдан ашык" топтору боюнча бөлүштүрүү менен X ири компаниялар үчүн төлөө мөөнөттөрү боюнча төлөнбөгөн карыздын түзүмү.
Төмөндө мындай диаграмманын мисалы келтирилген:
Сүрөт. Төлөө мөөнөттөрү боюнча төлөнбөгөн карыз, млрд. сом
Эскертүү: МК - мамлекеттик компаниянын аталышы
б) ири компаниялардын төлөнбөгөн карызынын валюталык түзүмү.
Төмөндө мындай диаграмманын мисалы келтирилген:
Сүрөт. Валюталар боюнча төлөнбөгөн карыз, млрд. сомов
Эскертүү: МК - мамлекеттик компаниянын аталышы
в) ири компаниялар боюнча кийинки он жылга карыздарды тейлөө графиги, млрд. сом.
1.7-таблица. ______________ (мамлекеттик орган көрсөтүлсүн) карамагында турган компаниялар боюнча карыздарды тейлөө графиги (млрд. сом, ______-жылдын аягына карата)
Компаниялардын аталышы | 2023 | 2024 | ... | 2032 | 2033 | 2034-жылдан кийин |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.7-таблицадагы маалыматтарды диаграмма түрүндө көрсөтүңүз.
Төмөндө диаграмманын мисалы келтирилген.
Сүрөт. Ири компаниялар тарабынан карызды тейлөө календары, млрд. сом
Эскертүү: МК - мамлекеттик компаниянын аталышы
1.1.3. Мамлекеттик компаниялардын финансылык коэффициенттеринин маалыматтары: рентабелдүүлүк, ликвиддүүлүк жана төлөө жөндөмдүүлүгү
1.8-таблица. ____________________ (аталышын көрсөтүңүз) компаниясынын негизги финансылык коэффициенттери
|
| 2019 | 2020 | 2021 | 2022 |
Ликвиддүүлүк | Учурдагы активдердин милдеттенмелерге катышы |
|
|
|
|
| Так ликвиддүүлүк коэффициенти |
|
|
|
|
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти | Зайым капиталынын өздүк капиталга катышы |
|
|
|
|
| Зайым капиталынын активдерге катышы |
|
|
|
|
Рентабелдүүлүк | Таза пайданын рентабелдүүлүгү |
|
|
|
|
| Өздүк капиталдын рентабелдүүлүгү |
|
|
|
|
Эскертүү: компаниялардын тизмеги 1.3-таблицадагы компаниялардын тизмегине дал келүүгө тийиш.
1.1.4. Бардык алты коэффициент боюнча маалыматтарды алты сызыктуу график түрүндө бериңиз.
Төмөндө мындай диаграмманын мисалы келтирилген.
Сүрөт. Рентабелдүүлүк коэффициенти, 2019-2022-жж., %
Эскертүү: МК - мамлекеттик компаниянын аталышы
1.2. Мамлекеттик компаниялардын фискалдык тобокелдиктери боюнча кыскача аналитикалык сыпаттама
Бул сыпаттама төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1.2.1. Мамлекеттик компаниялардын бардык сектору үчүн өткөн жылдагы акыркы финансылык натыйжалардын жана маанилүү окуялардын кыскача сыпаттамасы. Бул бөлүмдө айрым компаниялар каралбашы керек, анткени бул кийинки бөлүмдөрдө жасалууга милдеттүү. Болуп өткөн бардык олуттуу биригүү же бөлүнүү, ири карыздарды реструктуризациялоо, мамлекеттин кандайдыр бир түрдө кийлигишүүсү боюнча кеңири маалымат берүү керек: менчиктештирүү, компанияларды башка министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетектөөсүнө өткөрүп берүү ж.б.
1.2.2. Терең талдоо жүргүзүү үчүн тандалган мамлекеттик компаниялар боюнча критерийлерди түзүңүз жана баяндаңыз. Мисалы, карызынын чоңдугу ички дүң продукциянын (мындан ары - ИДП) белгилүү бир %дан ашкан карызы боюнча 10 же 20 ири компаниялар же карызынын жалпы чоңдугу ИДПнын белгилүү бир пайызынан ашкан бардык компаниялар ж.б.
1.2.3. 1.3-таблицага киргизилген ири мамлекеттик компаниялар боюнча төмөнкүдөй кеңири маалыматты бериңиз:
а) акыркы финансылык жыйынтыктар;
б) компания жүргүзүүгө аргасыз болгон бардык олуттуу квазифискалдык иш (фискалдык тобокелдик боюнча алгачкы жылдарда жарыяланган маалыматтардагы мындай иштин наркын баалоо милдеттүү түрдө эмес);
в) бул мамлекеттик компаниялардын төлөнбөгөн карызынан келип чыккан ар кандай валюталык тобокелдиктер жана кайра каржылоо тобокелдиктери (мисалы, карыздын бир же эки чет өлкөлүк валютада топтолушу, төлөө мөөнөтүнүн белгилүү бир мезгилге топтолушу ж.б.);
г) олуттуу реструктуризацияланган карызы бар мамлекеттик компаниялар үчүн жүргүзүлгөн карызды реструктуризациялоо жөнүндө маалымат келтирилет: карызды төлөө мөөнөтү кайсы учурдан тартып узартылды, мындай узартуу канчалык көп болду жана канча мөөнөткө (мисалы, мындай реструктуризация жыл сайын болобу?); ошондой эле проблеманы чечүү үчүн чаралар боюнча сунуштамаларды көрсөтүңүз;
д) башка акыркы тиешелүү окуялар (мамлекеттик колдоого күтүлбөгөн муктаждыктын пайда болушу жана мындай колдоонун кийин материалдашуусу, түзүмдүк өзгөрүүлөр ж.б.).
1.2.4. 1.5-таблицадагы ар бир мамлекеттик компания үчүн баалоонун жыйынтыктоочу баллын түшүндүрүңүз.
1.2.5. Жыйынтыктоочу баалоо тобокелдиктин орточо же жогорку деңгээлин көрсөткөн учурларда, мындай баалоону шарттаган негизги факторлорду (мисалы, төмөн кирешелүүлүк же төлөө жөндөмдүүлүгүнүн начардыгы ж.б.) жана алардын себептерин бөлүп көрсөтүңүз. Кабыл алынган же келечекте кабыл алына турган/кабыл алынышы мүмкүн болгон түзөтүүчү же алдын алуучу чараларды сыпаттаңыз.
2-бөлүм. Бюджеттик кредиттөө менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер боюнча маалыматтарды берүүнүн форматы
2. Берилүүчү маалыматтардын тизмеси
2.1. Негизги финансылык көрсөткүчтөр таблица түрүндө берилет.
2.1-таблица. Бюджеттик кредиттерди бөлүштүрүү (жылдын аягына карата), млрд. сом
Кредиттин түрү | Тындырылбаган кредиттер, бардыгы, (млрд. сом) | Мөөнөтү өткөн кредиттер, бардыгы (млрд. сом) | Тындырылбаган, реструктуризацияланган кредиттер, бардыгы (млрд. сом) | ИДП % менен |
Өкмөттүк каражаттардын эсебинен бюджеттик кредиттер |
|
|
|
|
Чет өлкөлүк кредиттердин жана донорлордун эсебинен бюджеттик кредиттер |
|
|
|
|
Бардыгы, ИДПдан % менен |
|
|
|
|
2.2-таблица. Бюджеттик кредиттерди чет өлкөлүк валюталардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүү (жылдын аягына карата)
Аталышы | Субъекттердин саны | Алынганы бардыгы | Тындырылганы бардыгы | Калдык, бардыгы | Калдыктын бардык алынганга үлүшү | ИДПдан % менен калдык |
АКШ доллары (USD) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
ЕВРО (EUR) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
СДР (SDR) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
Швейцария франкы (CHF) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
Немис маркасы (DM) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
Корея вонасы (KRW) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
Кувейт динары (KWD) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
Япония йенн (JPY) (млрд. KGS) |
|
|
|
|
|
|
2.3-таблица. Чет өлкөлүк кредиттердин жана донорлордун эсебинен бюджеттик кредиттерди ири алуучулар, жылдын аягына карата
Компания | Сектор | Тындырылбаган кредиттердин жалпы суммасы | Тындырылбаган мөөнөтү өткөн кредиттердин жалпы суммасы | Тындырылбаган кайра ресруктуризацияланган кредиттердин жалпы суммасы | |||
млрд. сом | % ИДП | млрд. сом | % ИДП | млрд. сом | % ИДП | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы, ИДПдан % менен | Толтурулбайт |
|
|
|
|
|
|
2.4-таблица. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды тындыруунун иш жүзүндөгү жана болжолдуу көрсөткүчтөрү, млн. сом
Көрсөткүч | Факт | Болжол | ||||||
2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 | |
Ссудалык макулдашуулар боюнча мөөнөтү келе жаткан төлөмдөр, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
негизги сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
пайыздар |
|
|
|
|
|
|
|
|
айып пулдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Факт жүзүндөгү түшүүлөр, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
негизги сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
пайыздар |
|
|
|
|
|
|
|
|
айып пулдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
Аткаруу пайызы, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
негизги сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
пайыздар |
|
|
|
|
|
|
|
|
айып пулдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды графикалык түрдө көрсөтүү үчүн маалыматтар
а) секторлор боюнча карыздардын графигин түзүү үчүн керектүү маалыматтарды бериңиз:
2.5-таблица. Секторлор боюнча бюджеттик кредиттер боюнча карыз, млн. сом
Субъекттердин саны | Сектордун аталышы | Калдыктын бардыгы | Анын ичинде | Мөөнөтү өтүү | ИДПга % менен | ||
Негизги сумма боюнча | Пайыздар боюнча | Айып пулдар боюнча |
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: секторлордун аталышы Экономикалык иштин мамлекеттик классификаторуна ылайык келүүгө тийиш (3-версия).
Колдо болгон маалыматтардын боюнча тегерек диаграмма түзүңүз.
б) кредиттерди тындыруу мөөнөттөрү боюнча бөлүштүрүү графигин түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды бериңиз ("1 жылдан аз", "1-3 жыл", "3-5 жыл", "5-10 жыл", "10-20 жыл", "20 жылдан көп"):
2.6-таблица. Бюджеттик кредиттерди тындыруу мөөнөттөрү боюнча бөлүштүрүү, млн. сом
Пайыздык ставканын чоңдугу | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 |
1 жылдан аз |
|
|
|
|
|
1 жылдан 3 жылга чейин |
|
|
|
|
|
3 жылдан 5 жылга чейин |
|
|
|
|
|
5 жылдан 10 жылга чейин |
|
|
|
|
|
10 жылдан 20 жылга чейин |
|
|
|
|
|
20 жылдан көп |
|
|
|
|
|
Колдо болгон маалыматтарга ылайык топтоштуруу менен тилке диаграммасын түзүңүз.
2.3. Бюджеттик кредиттөөнүн фискалдык тобокелдиктери боюнча кыскача аналитикалык баяндама
Жогоруда келтирилген таблицалар кыскача аналитикалык баяндама менен толукталышы керек, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
2.3.1 терең талдоо жүргүзүү үчүн бир кыйла маанилүү айрым кредиттер тандалып алынган тандоо критерийлеринин формулировкасы, негиздемеси жана баяндалышы (мисалы, эң ири 10 же 20; ар биринин чоңдугу өз-өзүнчө ИДПнын X % ашкан бардык кредиттер; ири кредиттер, алардын жалпы көлөмү ИДПнын X % түзөт ж.б.).
2.3.2 мамлекеттик компания болуп саналбаган зайымчы компаниялар үчүн - алардын иши жана карызды төлөөнүн перспективалары жөнүндө кыскача маалымат, анын ичинде бул компаниялар мамлекет үчүн фискалдык тобокелдиктин олуттуу булагын түзөрү жөнүндө корутунду (эскертүү: мамлекеттик компаниялардын ичинен эң ири карыз алуучулар боюнча мындай маалыматты берүүнүн кажети жок, анткени бул маалымат мамлекеттик компаниялардын фискалдык тобокелдиктери боюнча бөлүмдө келтирилет).
3-бөлүм. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору боюнча милдеттенмелер менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер боюнча маалыматтарды берүүнүн форматы
3. Берилүүчү маалыматтардын тизмеси:
1) бюджетте каралбаган өкмөттүк чыгымдарды жүзөгө ашыруу зарылдыгына алып келген тобокелдиктер материалдашкан долбоорлорду көрсөтүү менен акыркы 20 жылда аяктаган МЖӨ долбоорлорунун толук тизмеси;
2) финансылык жылдын аягына карата аяктоо стадиясына жете элек МЖӨ долбоорлорунун тизмеси.
3.1. МЖӨ долбоорлорунун негизги көрсөткүчтөрү
3.1-таблица. Стадиясында аяктаган МЖӨ долбоорлору боюнча негизги жыйынды маалыматтар (жылдын аягына карата)
Долбоордун аталышы | Инвестициялардын көлөмү (млн. АКШ доллары же сом менен) | Инвестициялардын көлөмү, ИДПга карата % | Сектор | Тике милдеттенмелердин болушу | Мамлекеттик кепилдиктердин/шарттуу милдеттенмелердин болушу | Материалдаштырылган тобокелдиктер |
|
|
|
| Ооба/Жок | Ооба/Жок |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.2-таблица. Даярдалып жаткан МЖӨ долбоорлору боюнча негизги жыйынды маалыматтар (жылдын аягына карата)
Долбоордун аталышы | Инвестициялардын көлөмү (млн. АКШ доллары же сом менен) | Инвестициялардын көлөмү, ИДПга карата % | Сектор | Тике милдеттенмелердин болушу | Мамлекеттик кепилдиктердин/шарттуу милдеттенмелердин болушу | Материалдаштырылган тобокелдиктер |
|
|
|
| Ооба/Жок | Ооба/Жок |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.2. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча кыскача аналитикалык сыпаттама бериңиз:
- аяктаган долбоорлор боюнча да, даярдалып жаткан МЖӨ долбоорлору боюнча да Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тике милдеттенмелери болгон учурда кеңири маалымат бериңиз;
- аяктаган жана даярдалып жаткан МЖӨ долбоорлору боюнча мамлекеттик кепилдиктер/шарттуу милдеттенмелер болгон учурда кепилдиктин же милдеттенменин мүнөзүн кыскача сыпаттап бериңиз. Төлөм шарттары жөнүндө тиешелүү кошумча маалымат бериңиз;
- эгерде аяктаган долбоорлор боюнча тобокелдиктер ишке ашса, башкача айтканда кандайдыр бир мамлекеттик кепилдиктер же башка шарттуу милдеттенмелер боюнча төлөмдөр жүргүзүлсө, кепилдиктер/шарттуу милдеттенмелер боюнча төлөө зарылдыгынын себептери боюнча кеңири маалымат бериңиз. Ошондой эле, келечекте кандай иш-аракеттерди же төлөмдөрдү жана кайсы мөөнөткө чейин жүргүзүү керектигин көрсөтүңүз.
Эгерде кепилдиктерге/шарттуу милдеттенмелерге баалоо жүргүзүлбөсө, анда 2023-жылдагы фискалдык тобокелдиктер боюнча маалымат үчүн "жок" деп көрсөтүү керек, бирок андан ары МЖӨ долбоорлорунун методикалык негизинин жакшырышына жараша мындай баалоолор сыпаттамага киргизилиши керек.