Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 5-июлу № 396-т
Мамлекеттик жана жарандык авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле ички жана эл аралык авиакаттамдарды кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад шаарынын аэропортун которуу үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан жер участогуна илимий-изилдөө институттарын тартуу менен тиешелүү аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзсүн.
2. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аэропортту долбоорлоого жана курууга жарактуулугун изилдөө жана аныктоо максатында деталдуу инженердик изилдөө иштерин, анын ичинде инженердик-геодезиялык, инженердик-геологиялык иштерди жүргүзүү;
- ушул тескеменин 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн изилдөөлөрдү каржылоону камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте:
- аэропортту долбоорлоого жана курууга тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан жер участогунун так координаттарын аныктасын;
- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |
|