Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 24-июлу № 435-т
Жакыр үй-бүлөлөргө Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы боюнча келүүчү гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Ош шаары, Ишматов көчөсү, 2 б жана Ишматов көчөсү, номерсиз үй (3-уч.) дареги боюнча жайгашкан имараттарда жайгашкан жалпы аянты 1944 кв.м болгон азык-түлүк товарларын сактоо үчүн пайдаланылган турак эмес жайлардын (кампалардын) бир бөлүгүн жанаша аймагы менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен 2023-жылдын 20-сентябрынан тартып 2 жыл 11 ай мөөнөтүнө акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 15/1 дареги боюнча жайгашкан аянты 852 кв.м жана 462 кв.м болгон азык-түлүк товарларын сактоо үчүн пайдаланылган турак эмес жайларды (кампаларды) жанаша аймагы менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен 2023-жылдын 20-сентябрынан тартып 2 жыл 11 ай мөөнөтүнө акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти:
1) тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларда унду жана өсүмдүк майын түшүрүү жана жүктөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү;
- Бишкек жана Ош шаарларындагы кампалардан унду жана өсүмдүк майын республиканын региондоруна ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү;
- ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кампалык жайларды күтүү боюнча коммуналдык кызматтарды жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөөнү Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен жүргүзсүн;
2) Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (макулдашуу боюнча) катышуусунда ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн кампалык жайларга оңдоо жүргүзүү жана аларды тиешелүү жабдуу менен камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |