Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-апрели № 207
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун (0 км-141,7 км Балыкчы-Барскоон участогу) курулушун ишке ашыруу маселесин изилдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун (0 км-141,7 км Балыкчы-Барскоон участогу) курулушунун маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун (0 км-141,7 км Балыкчы-Барскоон участогу) курулушунун маселесин кошумча жумуштардын көлөмүн, курулуш иштеринин наркынын мүмкүн болуучу кымбатташын, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугунун ченемдерин сактоону камсыз кылуу үчүн долбоордук сметалык документтерге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү аныктоо менен комплекстүү изилдесин жана Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автомобиль жолунун (0 км-141,7 км Балыкчы-Барскоон участогу) курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жактыруусуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), башка уюмдардын кызматкерлерин тартууга жана иш үчүн зарыл болгон документтерди суроого укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана уюмдар ведомстволор аралык жумушчу топко суралган маалыматты берсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол (0 км-141,7 км Балыкчы-Барскоон участогу) автомобиль жолунун курулушунун маселесин изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Текебаев Тилек Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри - ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Момбеков Бактылуу Аскар уулу | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Солтобаев Таланбек Осмонбекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары; |
Мазарипов Акылбек Абдувалиевич | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Бегалиев Алтынбек Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Орозбаев Женалы Байсалович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары; |
Кубатбеков Канатбек Алтымышович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Абдыкалыков Камилжан Коргонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору; |
Жекшеев Мирислан Сарычалович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары; |
Сакиев Азамат Абдукаримович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Ашымбеков Талайбек Нурланович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Ормонов Кубанычбек Калыевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары; |
Ибраев Талант Жекшенович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги. |