КҮЧҮН ЖОГОТТУ (Кыргыз Республикасынын
2007-жылдын 9-июлундагы №98 Мыйзамына ылайык) Бишкек шаары1998-жылдын 3-февралы № 11 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө 1998-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатыпөткөрүүгө мамлекеттик монополия ушул Мыйзам жана анын негизинде кабылалынуучу укук ченеминдеги актылар тарабынан мамлекеттик жөнгө салуу ме-нен камсыз кылынат. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатыпөткөрүүгө натыйжалуу мамлекеттик контролду камсыз кылуу, спиртти жанаалкоголдук продукцияны өндүрүүдөн жана сатып өткөрүүдөн түшүүчү салык-тарды жыйноонун толуктугун камсыз кылуу, сапатсыз жана жасалма алкогол-дук продукцияларды сатуудан рынокту арылтуу ушул Мыйзамдын максаты бо-луп саналат. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер төмөнкүдөй түшүнүлөт: алкоголдук продукция - ликер-арак ичимдиктери, коньяктар (бренди),кальвадостор, жүзүм шарабы, шампан жана мөмө-жемиш суусундуктары жанакөлөмүндө этил спиртинин үлүшү тогуз проценттен ашкан башка тамак-ашпродукциясына ушул Мыйзамдын иш аракети жайылтылат; спиртти жана алкоголь продукциясын жүгүртүү - спиртти жана алко-голь продукциясын дүњ жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, берүүжана сатып алуу; спирт - ректификтелген этил спирти, тазаланбаган жүзүм, мөмө спир-ти, шарап материалдарын кайнатып бөлүп алуунун натыйжасында алынган жа-на алкоголь ичимдиктерин даярдоодо пайдаланылуучу коньяк спирти; гидролизденген сульфиттик жана синтетикалык этил спирти - техника-лык максаттар үчүн гана арналат; ликер-арак ичимдиктери - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлиги тарабынан уруксат берилген тамак-аш чийки затынан, аныничинде тамак-аш кошулмаларынан алынуучу ректификтелген этил спиртинаралаштыруунун натыйжасында алынган арак жана башка ичимдиктер; коньяк (бренди) - өзүнө мүнөздүү жыты жана даамы бар, кеминде 3жыл тындырылган коньяк спиртинен даярдалган күчтүү алкоголдук ичимдик; кальвадос - өзүнө мүнөздүү жыты жана даамы бар, тындырылган алмаспиртинен даярдалган күчтүү алкоголдук ичимдик; жүзүм шарабы - ректификтелген этил спиртин кошуп же кошпостон,ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигининуруксат кылган кошулмаларды аралаштыруу менен жањы, кургатылган же жа-рым-жартылай кургатылган жүзүм ширесин толук же жарым-жартылай ачытуужолу менен алынуучу ичимдик; шампан - эндогендик жол менен көмүр кычкыл газга байытылып жанабелгилүү мөөнөткө (6 айдан 3 жылга чейин) тындырылып, шишелер мененатайын идиштерге кайталап ачытуу аркылуу атайын технология боюнча алын-ган жүзүм шарабы; алкоголдук мөмө ичимдиктери - жањы мөмөлөрдүн кант кошулган шире-сине же тобуна ректификтелген этил спиртин жана Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги тарабынан уруксат берилген кошулмалардыкошуп ачытуунун натыйжасында алынуучу ичимдиктер. 1-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатыпөткөрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополия жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан жана ушуга ылайыкбастырып чыгарылуучу мыйзам актыларынан турат. 2-статья. Мамлекеттик монополия жайылтылган алкоголдук продукция Мамлекеттик монополия жайылтылган алкоголдук продукцияга тамак-ашчийки заттарынын бардык түрлөрүнөн (ректификтелген этил, тазаланбаганжүзүм, мөмө, коньяк) алынган спирттер, тогуз проценттен жогорку этилспиртинин үлүшүнүн көлөмүн камтыган ликер-арак ичимдиктери, коньяктар(бренди), кальвадостор, жүзүм шараптары, шампан жана мөмө ичимдиктери,ошондой эле техникалык максаттар үчүн (гидролизделген жана синтетикалыкэтил) спирттер кирет. 3-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны камсыз кы- луучу чаралардын тутуму Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатыпөткөрүүгө мамлекеттик монополия атайын чаралардын тутуму: спиртти эркин өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө тыюу салуу; алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензия-лоо; спиртти майдалап куюп саткан аптека мекемелеринин тармагын кошпо-гондо, этил спиртин чекенелей сатууга тыюу салуу; алкоголдук продукцияларды экспорттоону жана импорттоону лицензия-лоо; этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын сатуу бааларын жөнгөсалуу; спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүчөйрөсүндө мамлекеттик стандарттарды, техникалык шарттарды, ченемдердижана эрежелерди белгилөө; спирттин жана алкоголдук продукциянын сапатына мамлекеттик конт-ролду жүзөгө ашыруу; спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатындамамлекеттик эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу; спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жанасатып өткөрүү чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товарөндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексинжүзөгө ашыруу аркылуу иш жүзүнө ашырылат. Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн компетенциясына таандык. 4-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү Этил спирти мамлекеттик ишканаларда гана чыгарылат, ал эми ли-кер-арак ичимдиктери мамлекеттик ишканаларда жана акцияларынын контрол-дук пакети мамлекетке таандык болгон ишканаларда чыгарылат. Алкоголдук продукцияны (ликер-арактан башкасын) өндүрүү мамлекет-тик ишканалар, ошондой эле мындай продукцияны өндүрүү үчүн лицензиясыжана шарттары бар, белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдер мененэрежелерди канааттандырган менчигинин түрү башка уюмдар тарабынанжүзөгө ашырылат. 5-статья. Алкоголдук продукция даярдоо үчүн спиртти пайдаланууга тыюу салуу Алкоголдук продукцияны даярдоо үчүн: - ченемдик документтер тарабынан белгиленген талаптарга жооп бер-беген; - тамак-ашка кирбеген чийки заттардан алынган спиртти пайдалануугатыюу салынат. Тамак-ашка кирбеген спиртти жүгүртүү Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн же ал ыйгарым укук берген органдын контролу астында жүргүзү-лөт. Тамак-ашка кирбеген спирттин ченемдик документтердин талаптарынаылайык келишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-нистрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташ-тыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүзөгөашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мам-лекеттик бажы инспекциясы республиканын бажы аймагына тамак-ашка кирбе-ген спирттин иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалымдоого милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы N 2 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 6-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо Чарба жүргүзүүчү субъекттер акциздердин келип түшүшүнө жана ишка-налар тарабынан жүзөгө ашырылуучу башка милдеттүү төлөмдөрдүн жыйынтык-тоочу контролун жүргүзүү максатында мамлекеттик контролдоочу органдаргаспиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана анын сатылыпөткөрүлбөгөн корлорунун көлөмдөрү жөнүндө жыл сайын маалымат (деклара-ция) берип турат. Алкоголдук продукцияны бардык ары-бери ташуулар бел-гиленген коштоо документтери болгондо гана жүргүзүлүүгө тийиш. 7-статья. Лицензия бергендик үчүн акы төлөө Алкоголдук продукцияны өндүрүүнү, сактоону жана жүгүртүүнү жүзөгөашыруучу ишканаларга лицензияларды бергендик үчүн акы төлөө Кыргыз Рес-публикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленет. 8-статья. Лицензияны үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салуу Алынган лицензиялар үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес. 9-статья. Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалардын милдеттери Алкоголдук продукцияны сатуучу ишканалар мамлекеттик стандарттар-дын талаптарына, ошондой эле ага коюлуучу башка милдеттүү талаптаргаылайык келүүчү гана продукцияны сатып өткөрүүгө милдеттүү, ал сапатжөнүндө сертификат тарабынан ырасталат. Сатып алуучулардын талабы боюн-ча продукцияны сатуучулар даярдоочу ишкана жөнүндө зарыл болгон жанаынанымдуу маалыматты берүүгө, ошондой эле "Керектөөчүлөрдүн укуктарынкоргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан коюлуучу башкаталаптарды аткарууга милдеттүү. Алкоголдук продукцияны сатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө контрол-дук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик башка-руунун аймактык органдары, сооданын, санитардык-эпидемиологиялык конт-ролдун, стандартташтыруунун жана метрологиянын контролдоочу органдарытарабынан жүзөгө ашырылат. 10-статья. Акциз салыгы Акциз салыгынын ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан жыл сайын беки-тилет. Кыргыз Республикасында акциз салыгынын жыйымдарынын толуктугун,акциз салыгы алынуучу товарлардын жашыруун ташылып келинишин жана саты-лып өткөрүлүшүнө жол бербөө максатында алкоголдук продукцияны акцизмаркаларын колдонуусуз сатып өткөрүүгө тыюу салынат. Акциз маркаларын колдонуунун тартиби, акциз жыйымынын маркаларынынүлгүлөрү жана маркалардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбелгиленет. 11-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны импорттоону мамле- кеттик жөнгө салуу Спиртти жана алкоголдук продукцияны импорттоону мамлекеттик жөнгөсалуу өзүнө: - спиртти жана алкоголдук продукцияны контракт боюнча лицензиялоо-ну; - импорттолуучу продукциянын сапатын контролдоону; - импорттук спиртке жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын бел-гилөөнү; - коньяк спиртин жана коньяк менен шампанды өндүрүү үчүн арналганшарап материалдарын албаганда спиртти жана алкоголдук продукцияны им-порттоонун көлөмдөрүнө квота берүүнү камтыйт. Спиртке жана алкоголдук продукцияга квота берүүнүн жана алардынкөлөмдөрүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынанбелгиленет. 12-статья. Спиртти дүњүнөн соодалоо Ата мекендик жана импорттук өндүрүүдөгү спиртти импорттоо жанадүњүнөн соодалоо тиешелүү лицензиясы жана ылайык келүү сертификаты бол-гондо ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилгенадистештирилген мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылат. 13-статья. Алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу Ата мекендик жана импорттук өндүрүүдөгү алкоголдук продукцияны са-тып өткөрүү атайын уруксаты (лицензиясы) болгондо чет өлкөлүк инвести-циялары бар соода ишканаларын кошо алганда ишканалар тарабынан менчиги-нин түрүнө карабастан жүзөгө ашырылат. Соода жана коомдук тамактануу ишканаларында алкоголдук продукциянысатуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынынжергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары көрсөткөн, ченем-дик-укуктук актылардын талаптарына жооп берген жерлерде жүргүзүлөт. Спирт ичимдиктерин: - балдар, окуу, алдын алуу-дарылоо мекемелеринде жана ага жанашажайгашкан аймактарда; - медициналык-биологиялык жана башка ченемдик талаптарга сапатыбоюнча жооп бербеген учурда; - даярдаган ишкананы табууга мүмкүндүк берүүчү даана маркасы бол-босо; - ченемдик документтерге ылайык келбеген идиште жана акциз марка-лары жок болсо, соодалоого тыюу салынат. 14-статья. Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө Кыр- гыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкер- чилик Спиртти жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө, сактоого жанасатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө Кыргыз Республикасынынмыйзамдарын бузгандык үчүн кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Рес-публикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык административдик, кыл-мыш-жаза жоопкерчилигин тартат. 15-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө 1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ченемдик актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушдаярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин; - өз чечимдерин ушул Мыйгамга ылайык келтирсин; - ушул Мыйзамдан келип чыккан финансылык жана башка уюштуруу масе-лелерин чечсин. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев